Баткенде “Факел” чек ара заставасынын имараты ачылды

Баткен облусунун Кадамжай районунун Өтүкчү айылында жайгашкан “Факел” чек ара заставасынын имараты ачылды. Ачылыш аземине Сооронбай Жээнбеков катышты.

«Өтүкчү» чек ара заставасынын курулушу Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы стратегиялык макулдашуунун алкагында бүткөрүлгөнүн, 15-январда, Россия тарап Кыргызстандын Чек ара кызматына 125 жаңы автомобиль техникасын өткөрүп бергенин эске салды.

“Россиянын Президенти Владимир Путиндин эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүнө жана аймактык коопсуздукту камсыздоого кошкон жеке салымын белгилегим келет, — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты