Көпчүлүк жерлерде жаан жана кар жаайт

Нарын облусу бул күндөрү.

Кыргызстанда 21-февралда күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жана кар жаайт, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт түнкүсүн жаан-чачын жаабайт.

Нарын, Ысык-Көл облустарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө, Таласта- түнкүсүн -2…-7, күндүз -1…-6;,

Ысык-Көлдө- түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…-5;

Ош, Жалал-Абад,Баткенде- түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…5;

Нарында- түнкүсүн -17…-22, күндүз -6…-11 градус суук болот.

Бишкекте мезгил-мезгили менен кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -4…-6, күндүз -2…-4 градус болот.

Сүрөт: Дамира Абдрахманова.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты