“Коопсуз шаар”: 9700 дөн ашуун жол эрежесинин бузулганы катталган”

“Коопсуз шаар”:  9700 дөн ашуун жол эрежесинин бузулганы катталган”Коопсуз шаар” долбоору ишке киргизилген учурдан баштап 9700дөн ашуун жол кыймылынын эрежесин бузуу катталган, алардын жарымы тастыкталган.

Бул тууралуу Өкмөттө 18-февралда өткөн жыйында айтылды.

«Жолдордогу кырдаал кескин өзгөрүп, ал эми жол эрежелерин бузуу кыскара баштады. Айдоочулук маданият дагы өзгөрүүдө. Айдоочулардын көпчүлүгү жол инфраструктурасынан  улам  келип чыккан ыңгайсыздыктарга жана жол тыгындарына карабастан, жол кыймылынын эрежелерин сактоого аракеттенүүдө», – деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Ошондой эле долбоорду ишке киргизүү көйгөй да жаратпай койбогондугу тууралуу сөз болду.

“Көпчүлүк көчөлөрдөгү кыймылдын жыштыгы алардын унааларды өткөрүү шарттарына туура келбейт. Бул айрыкча унаа жолдордун жана кесилиштердин кыймыл көп тилкелеринде байкалат. Транспорттук агым өзгөрүп, унаа тыгындарынын пайда болушуна алып келүүдө» деди Өкмөт башчы.

Өкмөт башчынын айтымында, жол кыймылын оптимизациялоо жана жакшыртуу, ыңгайлуу жана ойлонулган жол-транспорттук тутумун камсыздоо үчүн аны терең талдоо зарыл.

«Келип чыккан маселелердин баштапкы себебин аныктамайынча, биз натыйжалуу чараларды көрүп жана жолдордогу абалды жакшыртууга жетише албайбыз. Буга байланыштуу дагы көп иштерди жасоо жана шаардыктардын пикирин эске алуу менен мындан аркы иш-аракеттерди жүргүзүү зарыл», – деди Абылгазиев.

Бул тууралуу Өкмөтттүн маалыматтык колдоо кызматы билдирди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты