Кыргызстандан 1000 өнөрпоз Сауд Аравиясына эл аралык фестивалга барат

Кыргызстандан  1000 өнөрпоз Сауд Аравиясына  эл аралык фестивалга  барат

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандык 1000 өнөрпоз-ырчылар, спортчулар Сауд Аравиясына  «Camel Fest» эл аралык этнофестивалына барып, элибиздин көчмөн тарыхын, маданиятын көрсөтүп келет.

9-марттан 23-мартка чейин чыгармачыл жамааттар жана спортчулар падыша Абдулазиз Бин Салман атындагы  «Camel Fest» эл аралык этнофестивалына катышат.

Фестивалга 90 дон ашык өлкөнүн өкүлдөрү барат. Анда Кыргызстандын фольклор аткаруучулары, музыкалык жана бий өнөрпоздору, каскадерлор, салбуурун жана улуттук башка оюндарды көрсөтөт.

Этнофестивалдын уюштуруучуларынын бири кыргызстандык тараптан Этнооюндардын бүт дүйнөлүк конфедерациясы болуп  саналат.  Алар Кыргызстан үчүн бардыгынан көп катышуучуну—1000 өнөрпозду катыштырууга укук алды. Өнөрпоздордун бардык чыгымын чакырган тарап көтөрөт.

Бул тууралуу КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты