УКМК: Ишкерди опузалап, акча талап кылган чет элдик жаран кармалды

УКМК: Ишкерди опузалап, акча талап кылган чет элдик жаран кармалды2019-жылдын 15-февралында УКМК кызматкерлери  3 миң АКШ доллар алып жаткан учурунда КМШ өлкөлөрүнүн биринин жараны А.Ю. ну кармады.

Кармалган киши уюшулган кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен байланышта болгондугун айтып, опузалап, ишкерден 10 миң АКШ долларын талап кылган.

Аталган факты боюнча материалдар  Кылмыш-жаза кодексинин 203-беренесинде “Опузалап пара талап кылуу” каралган кылмыш белгилеринин негизинде кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

2019-жылдын 16-февралында Бишкек шаардык Биринчи Май райондук соту тарабынан А.Ю. карата,УКМКнын убактылуу кармоочу жайына эки айга камоо баш коргоо чарасы каралды.

Ыкчам-тергөө иш- чаралары жүрүп жатат.

Бул тууралуу УКМК басма-сөз борбору билдирди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты