Кыргызстанда желим жумурткалар сатылып жатабы? (Видео)

16-февралда социалдык тармактарда өзүн Ош шаарынын тургунумун деп тааныштырган киши жумуртканы бышырып, үй-бүлөсү менен дегени отурганда, ал желим жумуртка болуп чыкканын жана аны көрсөтүп жаткан видео тараган. Анда жумуртканын сарысы резинадай чоюлуп жатканын көрүүгө болот. Видеодогу киши ал жумуртка Кытайдан алып келиниши мүмкүн экендигин да айткан.

Азырынча, бул жумурткалардын кайдан алынып келингени белгисиз.

КР Канаттууларды багуучулар ассоциациясынын төрагасы Рустам Осмоналиевдин билдирүүсүнө ылайык, бул Өзбекстандан контрабанда жолу менен келген жумурткалар болушу мүмкүн:

«Бул жумурткалар Өзбекстандын аймагынан киргизилип жатканы белгилүү болгон. Бажыдан жумуртканы жөө ташып кирип иштегендер 45 мүнөттүн ичинде 75 миң жумуртка көтөрүп кирет деген маалымат бар. Бул тууралуу Кыргыз өкмөтүнө кайрылганбыз», — дейт Осмоналиев.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты