Бишкектин түштүк тарабында ысык жана муздак суу токтотулат

Бишкектин түштүк тарабында ысык жана муздак суу токтотулат

Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн, 19-февралда, Бишкектин туштүк тарабында саат 9.00 дан түнкү 12:00 гө чейин ысык жана муздак суу токтотулат.

Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Суунун токтотулушунун себеби “Орто-Алыш” суу алуучу жайында 35 жаңы скважинанын курулушунун бүткөндүгүнөн улам, жаңы түтүктөрдү “Бишкек суу канал” системасына киргизүүгө байланыштуу курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүү зарылдыгынан келип чыкты.

“Бишкек жылуулук энерго” төмөнкү жерлерде ысык сууну токтотот.

— «Жал» кичи-району (толук);

— Балдардын коомдук адаптация борбору;

— Совмин турак жайы;

— «Арген» бала бакчасы;

— Дыйканчылык илим-изилдөо институту;

— Гагарин көчөсү № 273, 275;

— Т.Фрунзе көчөсү № 75, 75а, 77, 79, 81, 83, 87, 89, 91, 93;

— Каховский көчөсү № 35, 37;

— Кривоносов көчөсү № 103;

— Циолковский көчөсү № 86, 86а, 90, 69, 92;

— Тернополь көчөсү № 8а;

— Айни көчөсү № 201, 209;

— Мозырский чолок көчөсү № 69;

— № 4 шаардык ооруканасы;

— Көркөм мектеп интернаты;

— Кан тапшыруу борбору;

— № 53 бала бакча;

— Термечиков көчөсү № 2, 2а, 4, 6, 8, 10;

— Лев Толстой көчөсү № 142а, 126;

— Островский туюк көчөсү;

— Северо ипподром көчөсү;

— МПС көчөсү;

— Алыбаев көчөсү;

— Лущихин көчөсү № 68, 67, 67/1, 67/2, 67/3, 67а;

— Чайковский көчөсү № 52;

— Малдыбаев көчөсү № 54а, 54б;

— № 185 бала бакчасы;

— БПК-5;

— «Онтарио» мончосу.

Ичүүчү муздак суу шаардын түштүк тарабында, темир жолдон жогору жакта, анын ичинде төмөнкү даректреде токтотулат;

— № 3, 4 ,5, 6, 7, 8, 9, 10, 11, 12, «Асанбай», «Жал-15», 23, 29, 30, «Түштүк-2», «Көк-Жар», «Улан-1», «Улан-2» кичи райондору;

— «Көк-Жар», «Жогорку Көк-Жар», «Арча-Бешик», «Ынтымак», «Бакаев», «Киргизия-1», «Киргизия-2», «Ала-Арча», «Браво», «Ордо», «Орто-Сай-2», «Сары-Өзөн», «Салкын-Төр» жаңы конуштары, Совмин турак жайы, Орто-Сай, Чоң-Арык жана Төмөнкү-Орок айылдары;

—  «Бишкек жылуулук энерго» котельныйы: «Жал-15» кичи-райондо, 23, 29, «Совмин» турак жайында, «Жал-29» кичи-районунда,  Балдардын коомдук адаптация борбору, № 4 шаардык ооруканада, № 5, Ротор, Фурманов, 10, Гагарин, 74 көчөлөрүндө жайгашкан мончолор;

— ведомстволук котельный: «Ак-Кеме» мейманканасы,  Ч.Айтматов проспектинде  көп кабаттуу үйлөр, («Акун») жана Грибоедов, 1/1 көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйлөр.

Калкты жана мекеме-уюмдарды Бишкек мэриясы ичүүчү сууну камдап алууга чакырат.

19-20-февралда ысык сууну токтотуу боюнча “Бишкек жылуулук энерго”  тел. 0312212906, муздак сууну токтотуу боюнча- “Бишкек суу канал” борбордук диспетчер кызматына- 0312560320 телефон чалыңыз.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты