ЖЭБ боюнча биринчи соттук угуу жабык өттү

Бишкектин Свердлов райондук сотунда, 18-февралда, ЖЭБди модернизациялоо боюнча биринчи сот уктуруусу жабык түрдө өттү. Айыпталуучулардын адвокаттары менен күбөлөр гана киргизилип, ал эми ЖМК өкүлдөрү жана айыпталуучулардын туугандары сыртта күтүштү.

ЖЭБ боюнча биринчи соттук угуу жабык өттү

Соттук отурумдагы угуусаат 14:00дө башталып, андан эки саатка жакын убакыт өткөндөн кийин Сапар Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакунов чыгып, бүгүн алдын-ала угуулар болгонун, кийинки сот отуруму 27-февралга жылдыралганын айтты:

Бүгүнкү алдынала угуу боюнча соттук отурумда баш коргоочарасы боюнча өтүнүч киргиздик, ар бир соттолуучу “камактан чыгарылсын” деген. Бирок, менин оюмча, камакта эле калтырат. Свердлов райондук сотунун эң чоң залы ушул экен. Жалпы 20 адвокат араң баттык. Бизге толук кандуу иштөөгө да мүмкүнчүлүк болгон жок. Ушундан улам дагы сот отрумун жабык кылып коюшу мүмкүн. Ошондуктан чоңураак зал берүүнү өтүндүк”, — деди адвокат Токтакунов.

ЖЭБ боюнча соттук отурум көпкө созуларын адвокат кошумчалады:

ЖЭБ боюнча биринчи соттук угуу жабык өттү

Соттук иштер көпкө созулат. Анткени, ар бир айыпталуучунун 20 адвокаты бар. Ошондой эле прокурорлордун сөздөрү бар. Алардын ар бирин угуп, ар биринин күбөлөрүн угууга көп убакыт кетет”, — деди Токтакунов.

“Бул соттук отурумдардын ачык болгону эл үчүн маанилүү дейт” Нурбек Токтакунов:

“Бул аябай маанилүү иш. Эл уксун, прокурорлордун айтканын, тергөөчүлөрдүн кылган иштерин эл көрсүн. Соттук процесстердин ачыктыгы соттун негизги принциби”, — дейт адвокат.

Асылбек Жээнбековдун өзүн жоопко тартуу керек

Сапар Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакунов ЖЭБ модернизациясы боюнча Жогорку Кеңеш чечим кабыл алгандыктан, алар жооп бериши керектигин да айтып өттү:

ЖЭБди модернизациялоо боюнча чечимди ким кабыл алды? Парламент кабыл алды да. “Мамлекетке зыян келтирди” деп жатышса, анда Жогорку Кеңеш жооп берсин. Алардын саясий жоопкерчилиги бар. Ошондой эле үч комитеттин төрагалары Каныбек Иманалиев, Кожобек Рыспаев, Курманбек Дыйканбаев, аталган мыйзам долбооруна макулдугун бергендер укуктук жоопкерчиликке тартылышы керек. Коомдук талкуудан өткөрбөй, экспертизаны жасабай, регламентти бузгандыгы үчүн ЖКнын спикери да жоопкерчиликке тартылышы керек. 111 млн сом боюнча Асылбек Жээнбековдун өзүн жоопко тартуу керек. Чечимди өздөрү кабыл алган” , — деп билдирди Сапар Исаковдун адвокаты Токтакунов.

Курманбек Исмаилов, Сапар Исаковдун агасы:

ЖЭБ боюнча биринчи соттук угуу жабык өттү

«Сот процесси адилетсиз жүрүп жатат»

—Аталган соттук угууга келген Сапар Исаковдун агасы Курманбек Исмаиловдун айтымында, соттук угуу адилетсиз жүрүп жатат:

Менин оюм боюнча адилетсиз угуу болуп жатат. Мамлекеттик чыккынчыларга жабык сот болушу керек эле. Булар чыккынчы эмес да. Элдин баарын эшикте күттүрүп коюп мындай сот өткөрүп жатканы, мамлекеттин кандай иш-аракети?

“Соттук реформа жүргүздүк” деп жатышат. Эч кандай реформа жок. Баары өйдө жактын көрсөтмөсү менен болуп жатат. Жыйынтык оң жакка чечилээрине ишенбейбиз, өйдө жактын көрсөтмөсү кандай болсо, ошондой болот”, — дейт Исмаилов.

Дурусбек Адыркулов, Салайдин Авазовдун кайын атасы:

ЖЭБ боюнча биринчи соттук угуу жабык өттү

Ал эми бүгүнкү сотто иши каралып жаткан Авазов Салайдиндин кайынатасы Адыркулов Дурусбектин айтымында, соттун жабык болгону туура эмес:

Мен Жалал-Абал олбусунун Аксы районунан келдим. Авазов Салайдиндин кайын атасы болом. Кыргызстан көз карандысыз өлкө болгондой кийин, анын жарандары дагы көз карандысыз болушу керек эле да. Соттун өзү ачык, айкын болушу керек . Биз мына атайын алыстан келип отурсак дагы, киргизишкен жок”, — дейт Дурусбек Адыркулов.

Мыйзам боюнча, алдын ала угуудан кийин сот үч чечим чыгарат. Алар: сот отурумдарын баштайт, ишти кыскартат же убактылуу токтотот.

Ырысбү Кылычбек кызы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты