КТРКнын баш директорлугуна кимдер талапкер?

КТРКнын баш директорлугуна кимдер талапкер?КТРК Байкоочу кеңеши бүгүн, 18-февралда, КТРКнын баш директорлугуна талапкерлердин тизмесин ачыктады.

Талапкер болууга 22 киши арыз менен кайрылган, анын үчөө документи толук болбой сынакка катышуудан четтетилди. Дагы он кишиге документин толуктоого 3 күн убакыт берилди.

Байкоочу кеңеш адегенде 13 талапкерди сынактан четтетүү үчүн добуш беришкен болчу. Бирок Байкоочу кеңештин бир мүчөсү кечигип келгендиктен, кайра добуш берилди.

Натыйжада 22 арыздан үч кишинин арызы четке кагылды.   Он талапкердин диний уюм жана саясий партияга мүчө эместигин тастыктаган кепилдик каты жок болгондуктан, үч күн ичинде талапты ырастаган кат алып келүү тапшырмасы берилди.

Төмөнкүлөр КТРК баш директорлугуна талапкер катары саналды:

  1. Илим Карыпбеков
  2. Дүйшөк Мамбетөмүров
  3. Алим Токторов
  4. Ибраим Нуракун уулу
  5. Адил Турдукулов
  6. Жайнак Үсөн уулу
  7. Мирлан Самыйкожо
  8. Мирбек Мурзабеков
  9. Малика Курманова.

КТРКнын баш директору 14-мартта шайланат.

Коомдук теле-радио компаниясынын жетекчиси төрт жылда бир жолу шайланат.

КТРКга талапкер болуш үчүн жогорку билим, жетекчи орунда 5 жылдан кем эмес тажрыйба, мамлекеттик тилди жана теле-радио өзгөчөлктөрүн жакшы билиши, диний же саясий уюмга мүчө болбошу шарт.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты