Шашылыш билдирүү: Кар жаап, күн сууктайт

Шашылыш билдирүү: Кар жаап, күн сууктайт

Чүй облусу Москва району, Ак-Суу айылы.

Өзгөчо кырдаалдар министрлиги 19-22-февралда аба ырайы кескин өзгөрүп, күн сууктай тургандыгы боюнча шашылыш билдирүү таратты.

19-февралда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт.

20-февралда күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

21-февралда көпчүлүк аймактарда кар жаашы, Чүй, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда катуу кар жаашы күтүлөт.

21-22-февралда Ысык-Көл жана Нарын облустарында кар жаашы күтүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
21-22-февралда абанын температурасы төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -5…-10°, күндүз -1…-6°;

21-22-февралда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -1…-6°, күндүз 0…-5°, тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн -4…-9°, күндүз -2…+3°;  Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -5…-10°, чыгышында -10…-15°, күндүз 0…-5°;  Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -19…-24°, күндүз -6…-11°;

Бийик тоолуу райондордо жана Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -30…-35°, күндүз -10…-15° суук болушу күтүлөт.
Күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда карт күрткүсү күтүлөт.

Сүрөт: «ПолитКлиниканыкы».

 

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты