«Айылдык кеңештин экс-төрагасы жерди мыйзамсыз сатып жатат» дешти

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Григорьевка айылынын тургундары Айылдык кеңештин мурдагы төрагасы Жолоочу Кадыркуловдун мыйзамсыз иш -аракеттерине нааразылыгын бүгүнкү, 18-февралдагы пресс-конференцияда билдиришти.

"Айылдык кеңештин экс-төрагасы жерди мыйзамсыз сатып жатат" дешти

Алардын айтымында, Кадыркулов мамлекеттин менчигиндеги жана айыл тургундарынын менчигиндеги жерлердин документтерин жасап алып, өзүнүн атынан сатыпжатат.

Эч кимдин күчү жетпей жатат

Григорьевка айылынын тургуну Руслан Акматалиевдин айтымында,Жолоочу Кадыркулов Жогорку Кеңештеги, Ак үйдөгу тааныштары аркылуу өзүнүн мыйзамсыз иштерин ишке ашырып жатат:

"Айылдык кеңештин экс-төрагасы жерди мыйзамсыз сатып жатат" дешти

Кадыркулов өзүнүнүн Ак үйдөгу, Жогорку Кеңештеги тааныштарына таянып, жасалма документтер менен туругундардын жерлерин сатып жатат. Андан жабыркаган адамдар укук коргоо органдарына кайрылган күндө деле сот жана прокуратура Кадыркуловдун пайдасына чечип жатат.

Мисалы, Кадыракунов Марат деген туругундун жерин фамилиясынын окшоштугунан пайдаланып сатып жиберген. Ал “Кадыркулов” деп жазылып калган экен. Анын жери эмес экендигин билип туруп, абалдан пайдаланып кеткен. Марат прокуратурага кайрылып, жер үчүн буга чейин салык төлөп жүргөнүн көрсөтсө да “Ал жер Кадыркуловго берилген” деп ишти козгобой жатат. Ага эч кимдин күчү жетпей турат. Адилеттүү прокурор, соттор бар болсо, жардам берет деп ишенебиз. Анткени, анын айынан айыл тургундары жабыркап жатат”,- дейт Акматалиев.

Ошондой эле, Жолоочу Кадыркуловду колдогон прокуратура менен тергөө органдарына кылмыш иши козголуусун талап кылып жатканын Кашат айылдын тургуну Бурабаев Керимбек билдирди:

"Айылдык кеңештин экс-төрагасы жерди мыйзамсыз сатып жатат" дешти

Тагыраак айтсак, Кадыркуловду колдоп, жардам берип жаткан прокурорлор менен тергөөчүлөргө кылмыш иши козголсун. Тергөөчүлөр “Ак үйдүн аппаратынан коркуп жатабыз” дешет. Ошол токтотулсун”,-деди айыл тургуну.

Кадыркулов пара алгандыгы үчүн кызматтан кеткен

Айыл тургундарынын айтымында Кадыркулов буга чейин айылдык кеңештин депутаты жана төрагасы болгон. Пара алгандыгы үчүн кызматтан кеткен:

Кадыркулов азыр жумушсуз. Соттордун жанынан чыкпай эле жүрөт. Буга чейин айылдык кеңештин депутаты, кийин төрагасы болгон. Бирок, пара сунуштагандыгы үчүн 500 миң сом айып пулга жыгылган жана кызматтан кеткен. Айып пулду дагы төлөбөй жүрөт. Тааныштары жардам берип жатса керек”,-дешет тургундар.

Пара сураган тергөөчү

Тергөөчөлөр ишти иликтегендин ордуна, “Акча берсең ишти токтотом” деп акча талап кылышат дейт Акматалиев:

Кадыркулов мага каршы эки жолу арыз жазган. Бир күнү көчөдөн өтүп баратсам, Кыдыркуловдун баласы мамлекеттик имаратты бузуп жатыптыр. Ал имарат айыл өкмөтүнө тиешелүү экендигин далилдеген токтомду көрсөттүм. “Эртең келип документтерди көрсөтөм, бул биздин жер” деп кетишкен. Андан бир ай өткөндөн кийин милиция мени чакырды. Барсам, тергөөчү өзү бар экен. “Кадыркуловдун арызын алып салам, ал үчүн 15 миң сом бер” деди. Бербей эле кетип калдым. Кайра эле түштөн кийин чакырды, “макул,10 миңн сом бер” деди. Мен “жок, сотко бер бер” деп кетип калгам. Кайра кечинде чакырыптыр, “2000 эле бер, Кадыркуловдун арызын алып салайын” деди. Мен айттым “Акча бербейм, сотко берсең, бере бер” десем ошол бойдон иш токтоп калды. Тергөөчү менен болгон сүйлөшүүнү диктофонго жаздырып алган элем. Караколго алып бардым. Андан кийин ал тергөөчү жумуштан кетти деген кагаз келди. Бирок, ага карата кылмыш иши козголгон жок”, дейт тургун.

"Айылдык кеңештин экс-төрагасы жерди мыйзамсыз сатып жатат" дешти

Президентке кат жазганбыз

Айыл тургундары президент, Башпрокуратурага чейин кайрылып, эч жыйынтык ала алышпаганын да айтышты:

Кадыркуловдун иши боюнча Башпрокуратура жана Президентке кат жаздык. Бирок жыйынтык жок”, — дешет Григорьевка айылынын тургундары.

"Айылдык кеңештин экс-төрагасы жерди мыйзамсыз сатып жатат" дешти

Ырысбү Кылычбек кызы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты