Ибраим Нуракун уулу КТРК баш директорлугуна ат салышмай болду

Ибраим Нуракун уулу КТРК баш директорлугуна ат салышмай болду

Жогорку Кеңештин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулу КТРК баш директорлук  кызматына ат салыша турганын фейсбук баракчасында билдирди.

КТРКнын баш директорлугуна талапкерлердин ысмы бүгүн, 18-февралда, саат 17:00 дө белгилүү болот. Азырынча 9 талапкерден арыз түштү.  Жогорку Кеңештин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулу КТРК баш директорлук  кызматына ат салыша турганын фейсбук баракчасында билдирди.

“Көп жылдардан бери сыйлап, урматтап жүргөн инсаным жигиттик сөзүнөн тайганына байланыштуу, соңку эки күн ичинде терең ойлонуп, мен да КТРКнын башкы директорлугуна талапкерлигимди коюуну чечтим. Жаңы эле ишенимдүү адамым тиешелүү документтерди КТРКнын босогосундагы кутучага салып кайтты.

Айрыкча мага окшогон жөнөкөй журналисттер КТРКнын мындан аркы тагдырына кайдыгер карап тура албайт. Анткени, Кыргызстандагы мен журналистмин дегендердин 90 пайызы дал ушул дөөтү колдогон маданий ордонун уясынан учкан. КТРКдагы чачын буурул баскан агай-эжейлерибиздин баары – биздин устаттарыбыз. Көптөгөн мен сыяктуу журналисттерди алар колунан жетелеп жүрүп өстүргөн. 60 жылдык тарыхында КТРКнын маданиятыбызга, эл агартууга, дегеле, мамлекеттүүлүгүбүзгө кошкон салымы чоң.

Азыр деле КТРКнын жалпы жамааты болор-болбос эмгек акыга түтүп, көз карандысыз рспубликабыздын жаркын келечеги деп, кара жанын карч уруп жүргөн кези. 700 киши, карааны көп болгону менен, калдайган алты телеканал, бир катар радио жана кудайдын куттуу күнү бөксөрбөс жүздөгөн эфирдик сааттарга бөлүштүрө келгенде тытынып, күнү-түнү дебей иштегенге аргасыз. Дал ушундай адамдар бар болгону үчүн КТРК ар убак ырааттуу өнүгүү үстүндө келет.

Соңку деректирдин убагында да КТРКдагы жагымдуу өзгөрүүлөр арбын болду. Бирок бул өнүгүүлөр деректир жок болсо деле жүрө бермек. Байкоочу Кеңеш КТРКга кимди шайлабасын, кудай буйруса, иштер мындан кийин деле илгерилей берет. КТРКнын башчылыгына куурайды сайып койсо деле кылы кыйшайбас. КТРК эч качан артка кеткен эмес. Андагы кайраттуу адамдардын деми менен мындан кийин деле ташы өөдө кулай бермекчи.
ТРКнын тарыхында бир дагы жаман жетекчи болгон эмес. Мунун сыры — башчылардын жүзүн жарык кылган анын жамааты. Тилекке каршы, КТРКнын өткөнүндө жамаатка же жетекчиге байланыштуу болбогон, ар түрдүү саясий топтордун күрөшүнөн улам анын асыл наамына шек келген эки чоң көрүнүш орун алган. Алардын бири — 2002-жылдагы Аксы окуясындагы бир тараптуулук, экинчиси — 2016-жылдагы “Белизгейт” деп аталып калган саясий оюн. Ушул өздөрү жасабаган иштери үчүн КТРКдагы далай адамдар эл алдында уялып жүргөндөй туюлат.

Эки учурда тең жетекчилер саясий салмагы күчтүү инсандар болгон. Бирок, өзү иштеген мекеменин ар-намысы үчүн кемчиликти мойнуна алып, кызматтан кетип калбаса дагы, кечирим сурап койгондо, жыл бою же 365 күн тикесинен тик туруп берген жамаатына бир эле күнү асыгы атмак.
Урматтуу КТРКдагы кесиптештерим, мен сиздерге жетекчи болуп шайланып калсам, төрт жылдын ичинде эмгек акыңыздарды көбөйтүүгө убада бербеймин – эл көргөндү көрөбүз. Бийликтин камчысын чаппаган, ашкере демократиячыл уюм болуп кетебиз деп да айтпаймын. Анткени КТРКнын мамлекетибиздин маалымат саясатына көмөктөшүү вазыйпасы мыйзамда бекиген.

Менин милдетим – сиздердин атыңыздарга чаң жузузбоо болот. Андан калса, билекти түрүнүп, сиздердин араңыздарда журналистиканын оор жүрүгүн бирге тартышууга жарамакмын” деди Ибраим Нуракун уулу.

Буга чейин КТРК директору Илим Карыпбеков да кайрадан ат салышарын билдирген.

КТРК баш директорлук кызмат үчүн күрөш негизги ушул эки атаандаштын ортосунда болору анык болуп калды.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты