Авариядан алты адам жабыркады

Авариядан алты адам жабыркады

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек-Ош жолунда, Суусамырда 17-февралда жүргүнчү ташуучу  Mercedes-Benz Sprint менен жүк ташуучу Mercedes-Benz автоунаасы сүзүшүп кеткен. 

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады.

Анын кесепетинен алты киши жаракат алып, Жайыл райондук ооруканасына жеткирилген.

Алардын ичинен машина ичинде кысылып калган эки кишинин абалы оор экени айтылды.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты