85 бала бакча имаратын мамлекеттик органдар ээлеп алган

85 бала бакча имаратын мамлекеттик органдар ээлеп алган

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда бүгүнкү күнү бала бакча имараттары инвентаризацияланууда.

Бул тууралуу мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков менен Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеванын соңку жолугушуусунда айтылды.

Министр белгилегендей, учурда пайдаланылбаган бала бакча имараттары инвентаризацияланууда. Анда  85 имаратты мамлекеттик органдар ээлеп алганы белгилүү болду.

Ал имараттар бала бакчаларга кайтарылып берилсе, бул 50 миңден ашык баланы мектепке чейинки билим берүү менен камтууга шарт түзөт.

Бүгүнкү күндө мурдагы балдар бакчаларынын имараттарынын 209нун ичинен кайтарылган 177 балдар бакчасы пайдаланууга берилди.

Бул тууралуу президентин басма сөз кызматы билдирди.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты