Жолдубаева: “Жогорку Кеңеште ЖЭБ боюнча маалымат угууну сотко далилсиз кысым жасоо деп эсептейбиз”

Жолдубаева: “Жогорку Кеңеште ЖЭБ боюнча маалымат угууну сотко далилсиз кысым жасоо деп эсептейбиз”КСДП өкүлү Кундуз Жолдубаева Жогорку Кеңеште 14-февралда Жылуулук электр борбору боюнча маалымат угуу маселесине баа берди.

Жолдубаева буларга токтолду:

“Кечээги кокуй-эксперттердин ЖЭБ модернизациясы боюнча жумуштардын 90 %ын болгону 50 млн долларга жасаса болмок деген билдирүүсүн эле карагылачы. Бул ЖЭБдин электр энергия  өндүрүп чыгаруу кубаттуулугун 300 мегаваттка жогорулатуу болгон да! Андан дагы жылуулук энергиясын берүүнү жогорулатканын эсепке албаганда.

Ошол замат, эмнегедир 2009-жылдын март айы эске түшөт. Ошондо деле Медет Садыркуловдун жана анын жандочуларынын чуулгандуу өлүмүн ушундай эле эксперттер жол-транспорт кырсыгы деп чыгышпады беле. Акыл-эси ордунда болгон ар бир киши анда да, мында да бул жогору жактан берилген буюртма экен деп ойлойт. Башка эмне деп ойлоого болот?

Жогорку Кеңештеги кечээки жыйынды биз сотко эң жөнөкөй, далилсиз кысым көрсөтүү деп эсептейбиз. Ушинтип кысым көрсөтүү бийликке олжо. Бир азыраак адилет сот процессинде тергөөчүлөрдүн ЖЭБди модернизациялоо боюнча ойдон чыгарылган андай айыптоосу тез эле урап түшөт.  Анткени, чыгымдын суммасы асмандан алынган. Экинчиден, Сапар Исаков спикерди, премьер-министрди жана башкаларды мыйзам бузууга мажбурлаган деген сөздүн эч кандай далили жок. Үчүнчүдөн, бирөө мажбурлап жатса да, мыйзам бузууга  алардын укугу бар беле?

Сөз депутаттар ратификация үчүн добуш бергенинде болуп жаткан жок. Катардагы депутаттар спикердин жана профилдик комитеттердин төрагаларынын жоопкерчилигине багыт алышат.

Чынында спикер жана профилдик комитет төрагалары регламентти атайылап бузууга укугу бар беле? Анын натыйжасында тергөө айткандай, “111 млн доллар чыгым алып келген” натыйжа жаралып жатса?   Алардын андай укугу жок экени түшүнүктүү. Ооба, алар азырынча суудан кургак чыгып жатышат, бирок эртедир-кечтир жооп берээр кез келээр.

Эми экс-президентти коркуткан “каракакчылар” тууралуу айталы. Тергөө, балким бул жылдары жалгыз гана президенттик аппарат иштеди, ал эми парламент жана өкмөт, спикерлер жана премьердер таптакыр иштебей эле, күнкүлдөп мыйзам бузуп жүргөн турбайбы.

Биринчиден, Сапар Исаков дагы, андан өтүп президент дагы мыйзам бузбоону талап кылган. Ал эми Алмазбек Атамбаев болсо адистердин пикирин угат. Ал мыйзамды так сактоо менен иш-аракет жасоону сунуштачу. Анын үстүнө аны менен сүйлөшкөндөр өзүнүн принципиалдуу позициясын билдирип турса.

Экинчиден, спикер дагы, премьер-министр дагы президенттин, же президенттик аппаратка баш ийип бергидей эмес, алардын өзүнүн жетишерлик бийлиги жана полномочиеси бар болчу. Ошондой эле алардын жоопкерчилиги да ошончо болушу керек” деп билдирди КСДП өкүлү Кундуз Жолдубаева.

 

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты