Акимдер кызматтан алынат

Акимдер кызматтан алынатБир катар райондук акимдердин кызматтан алынары тууралуу Өкмөттүн бүгүнкү, 15-февралдагы, жыйынында белгилүү болду.

Чүй облусунун Москва районунун акими Азамат Эсенбеков, Кемин районунуку- Жумгалбек Дүйшөбаев, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун акими Нургазы Сатымкулов, Аксы районунуку- Масалбек Мырзамамытов, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун акими Улан Дөкөнбаев, Тоң районунун акими Таалайбек Адиевдин кызматтан алынары белгилүү болду.

Бир катар акимдерге сөгүш берилет, алсак Базар-Коргон, Ноокен, Жети-Өгүз, Өзгөн, Лейлек райондорунун акимдерине.

 

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты