УКМК: Эл аралык байланышты мыйзамсыз камсыз кылган кылмыштуу топ кармалды

УКМК «Альфа Телеком» ЖАК мамлекеттик байланыш операторунун коопсуздук дирекциясы менен биргеликте жүргүзгөн иш-чаранын алкагында, атайын жабдыктарды жана абоненттик номерлерди колдонуу менен аталган мекемеге эл аралык трафикти мыйзамсыз жеткирүү фактысы аныкталды.

УКМК: Эл аралык байланышты мыйзамсыз камсыз кылган кылмыштуу топ кармалды

Такталгандай, аталган адамдар атайын жабдыктын жардамы менен бир канча ай ичинде жергиликтүү байланыш операторлордун трафигин мыйзамсыз колдонуп, эл аралык байланышты камсыз кылып келишкен.
Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, бул мыйзамсыз иштердин уюштуруучулары «У.М.М.», «У.Б.К», «А.Б.А», жана аларга тиешеси бар деген шек менен «АльфаТелеком» ЖАК кызматкери «Н.О.Т» кармалды.
Белгилей кетсек, сотко чейинки териштирүүнүн негизинде, Бишкек шаарынын 4 жеринде тинтүү жүргүзүлүп, 4 даана атайын (GSM) жабдыктары, 5 даана “SIMBOX!, «Альфа-Телеком» жана «Скаймобайл» ЖАК 3 миңдей сим-карталары табылган.
Азыркы убакта «Альфа-Телеком» жана «Скаймобайл» ЖАК келтирилген зыян такталып жатат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты