Жээнбеков жаңы окуу китептердин сапатсыздыгын белгиледи

Жээнбеков жаңы окуу китептердин сапатсыздыгын  белгиледиСооронбай Жээнбеков Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеваны кабыл алганда, 14-февралда, билим берүү тармагынын көйгөйлүү маселелери тууралуу сөз козгоду.

Президент соңку мезгилде басылып чыккан окуу китептеринин сапатынын төмөндүгүнө көңүл бурду. Окуу китептерин басып чыгарууга системалуу мамиле керектигин айтты.

Окуу китептерин иштеп чыгуу, басып чыгаруу, таратуу үчүн анын сапатын көзөмөлдөө, стандарт, процедураларды сактоо, бюджеттик жана донордук акча каражаттарын колдонуу алдын- ала пландалып, ишке ашуусу керек.

Мамлекет башчы окуу китептерин басып чыгарууда  коррупциялык тобокелчиликтерди жоюу зарылдыгын белгиледи.

Жогорку окуу жайлардагы коррупцияга каршы күрөшүү жана болочок адистерди даярдоонун сапатын жогорулатуу талабын койду.

Расмий сүрөт.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты