Өмүрбек Текебаевдин иши кайра кароого жөнөтүлдү

Өмүрбек Текебаевдин иши кайра кароого жөнөтүлдү

Абакта жаткан «Ата мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин кылмыш иши кайра кароого жөнөтүлдү.

Бул тууралуу  учурда саясатчынын укугун коргоп жаткан “Адилет” укуктук клиникасынан 24 kg агенттигине билдиришти.

Жактоочулардын пикири боюнча иш Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна жиберилди.  Андан ары иш Жогорку сотко өтүшү керек.

Текебаевдин жактоочулары жаңы жагдайларга байланыштуу, атап айтсак Кылмыш жана Кылмыш-процессуалдык кодексинин жаңы редакциясынын ишке киришине байланыштуу кылмыш иши кайра каралышы керек экенин айтышат.

Жактоочулар буга удаалаш эле Жаза аткаруу кызматы саясатчыны колония-поселениеге которуу боюнча мөөнөтүн эсептөөдө жаңылышканы тууралуу Баш прокуратурага юристтердин каты жөнөтүлгөнүн билдиришти.

Жаза аткаруу кызматы мунапыс боюнча 2 жыл 8 ай кыскартууну эсептеген эместиги такталды. Башкача айтканда Өмүрбек Текебаев №47 абактан 2019-жылдын март айында колония-поселениеге которулушу керек болот.

Белгилүү болгондой, “Ата мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана  Дүйшөнкул Чотонов орус бизнесмени Леонид Маевскийден пара алган деп 8 жылга эркинен ажыратылган.

Ал эми Леонид Маевский Россияда 37,5 млн доллар пара талап кылгандыгы боюнча айыпталууда.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты