ИИМ тергөөчүсү 1700 доллар пара менен кармалды

Улуттук Коопсуздук Комитетинин Коррупцияга каршы кызматы ИИМ менен бирге 14-февралда 1700 доллар пара менен ИИМ тергөөчүсүн кармады.

ИИМ тергөөчүсү 1700 доллар пара менен кармалдыИИМдин Тергөө кызматынын өзгөчө иштерди иликтөө боюнча тергөөчүсү, милициянын подполковниги Ж.Н.   кылмыш иши боюнча айыпталуучудан 1700 доллар пара алып жатканда кармалды.

Ага Кылмыш- жаза кодексинин 326-беренесинин 2-бөлүгү, пара талап кылуу боюнча айып коюлду.

УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы кабарлады.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты