Улуттук госпиталь: Башкы врач менен бөлүм башчы ортосунда кандай пикир келишпестик бар?

Бүгүн, 11-февралда, Улуттук госпиталдын көз микрохирургиясы бөлүмүнүн башчысы Салтанат Иманбаева менен аталган госпиталдын башкы врачы Динара Сагынбаеванын ортосундагы пикир-келишпестик боюнча пресс-конференция өттү. Анда Иманбаеванын адвокаты Такен Молдакулов Сагынбаева кадрдык кайра түзүүнү жеке кызыкчылыгы, Иманбаеваны кызматтан кетирүү үчүн жасап жатканын айтты.

Адвокаттын айтымында Сагынбаева жеке кызыкчылыгы үчүн Иманбаевага психологиялык кысым көрсөтүп, ишине тоскоолдук жасап жатат:

“Бул жерде бир гана жеке өч алуу жана психологилык террор болуп жатат. Анын бир гана максаты бар-Иманбаеваны кызматынан алып салуу. Буга чейин, 2018-жылы Салтанат Иманбаеваны себепсиз, ээлеген кызматынан алып салды. Бирок, үч инстанциянын соту Сагынбаеванын чечимин мыйзамсыз деп таап, Иманбаева кызматына кайра келди. Андан кийин Сагынбаева Иманбаевага эки жолу сөгүш жарыялаган. Мыйзам боюнча эки жолу сөгүш алгандан кийин автоматтык түрдө ээлеген кызматын калтыруу керек. Ал учурда дагы сот сөгүштү мыйзамсыз жарыялаган деп таап, Иманбаева кайра кызмат ордуна келди”,-дейт Молдакулов.

Бардык амал түгөнгөндөн кийин эми госпиталды кайра түзүү ишин баштап, Иманбаеваны кызматтан кетирүүнү көздөп жатканын айтты адвокат:

“Эми варианттары калбай калгандан кийин Сагынбаева кайра түзүүнү ойлоп тапты. Эми ал аркылуу Иманбаеваны мыйзамга шылтоолоп жумуштан алуу аракети жүрүп жатат. Кайра түзүү эмне үчүн жүргүзүлөт? Активдештирүү, бюджетти кыскартуу, калкты тейлөөнүн сапатын жогорулатуу үчүн жүргүзүлөт. Ал үчүн тийиштүү анализ, мониторинг жүргүзүлгөн эмес. Сагынбаева өз каалоосу менен, өзүнүн командасынан турган жумушчу топтун анализине таянып, кайра түзүүнү баштап жатат. Ал эми кайра түзүүнүн жалгыз максаты Иманбаеваны кызматтан кетирүү. Бул жерде калк үчүн эч кандай пайда жок”,-деди Такен Молдакулов.

Бул маселеге Саламаттык сактоо министрлиги жана вице-премьер- министр кийлигишип, маселени чечүүгө аракет кылуу керектигин дагы кошумчалады Молдакулов:

“Бул маселеге Өкмөт, өзгөчө вице-премьер-министр кийлигишип чечиши керек эле. Бирок алардын баары өзүн төө куштай башын жерге тыгып алышты. Улуттук госпиталда болуп жаткан жагдай тууралуу баары билет. Ал эми госпиталда дарыгер болуп иштеп жаткан Нурлан Тургунбаев вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын жолдошу жана ЖК депутаты Руслан Казакбаевдин бир тууган иниси болуп саналат. Бул жерден жыйынтык чыгарсак болот, маселенин каякка барып жатканын”,-деп билдирди адвокат.

“Эл жана мыйзам” коомдук уюмунун башкы юристи Жалил Сырдыбаевдин айтымында, ушундай аракеттердин айынан Саламаттык сактоо тармагындагы жакшы кадрлар кетип жатышат:

“Акыркы 15 жылдын ичинде Саламаттык сактоо системасындагы алтындай баалуу кадрларды жоготтук. Алар Россия, Казакстан, Америка, Германияда иштеп жүрүшөт. Анын себеби, Саламаттыкты сактоо системасында интрига, орун талашн, коррупциянын күндөн- күнгө өсүп жатышында. Алардын катарында Салтанат Иманбаеванын бүгүнкү абалы. Динара Сагынбаева убагында Саламаттык сактоо министри болуп турганын баары эле билет. Ал кызматтан дары- дармек жана кадр маселелерине байланыштуу чыр-чатактан улам кеткен. Эми Улуттук госпиталга баргандан кийин, ал жакта жакшы эле иштеп жүргөн кызматкерлерге ар кандай кысым жүргүзүп жатат. Кадрдык курамды кайра түзүү аркылуу өзүнүн кишилерин кызматка алып келүүнү көздөп жатат Сагынбаева”,-дейт юрист.

“Мындан ары кандай кадамдарга барасыздар?” деген журналисттерди суроосуна Такен Молдакунов төмөндөгүчө жооп берди:

“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча укук коргоо органдарына кайрылабыз. Улуттук госпитал Биринчи май районуна караштуу, ошондуктан Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылабаз”,-деди адвокат.

Бакыт Төлөгөнов, Улуттук госпиталдын башкы врачынын орун басары:

«Госпиталда кайра түзүү эмес, оптималдаштаруу жүрүп жатат»

Улуттук госпиталдын башкы врачынын орун басары Бакыт Төлөгөнов, кайра түзүү эмес, оптималдаштыруу иштери жүрүп жатканын айтты:

—Бул жерде тактоо киргизип кетүү керек. Кайра түзүүдөУулуттук госпиталдын түзүлүш структурасы өзгөрүшү керек болот. Башкача айтканда Улуттук госпиталь эмес, мекеме эмес, башкача аталышы керек болот. Ошондо кайра түзүү деп аталмак. Бизде учурда оптималдаштыруу иштери жүрүп жатат.

Демек, башкаруунун уюштуруу формасы өзгөрбөйт, бөлүмдөр жоюлбайт. Дагы бир маселе, бир гана көз микрохирургия бөлүмү эле опмималташтырууга туш болгон жок. Андан сырткары дагы беш бөлүмдө 2018-жылдан бери оптималдаштыруу иштери жүрүп жатат. Анын кесепетинен бир дагы орун кыскарган жок, бир дагы кызматкер жумуштан кеткен жок.

Болгону бейтап ар бөлүмгө барып отурбай, бир эле бөлүмгө барып, бардык тармактан кароодон өтө тургандай болуп оптималдаштыруу жүрүп жатат. Тагыраак айтканда, неврология бөлүмүнүн жаныда эле жандандыруу жана башка бөлүмдөр ачылды. Көз бөлүмүндө дагы ушундай оптималдаштырууну жүргүзүү аркети жүрүп жатат. Анда эч бир кызматкер жумуштан алынбайт”,-деди Төлөгөнов.

Ырысбү Кылычбек кызы

Сүрөттөрү: автордуку.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты