Салижан Жигитовду эскеребиз

Блог

Бүгүн-- ойчул, сезимтал акын, жазуучу, окумуштуу Салижан Жигитовду эскерүү күнү. Ал ушул күнү, 11-февралда, 2006-жылы дүйнө салган. Быйыл ардактуу агайыбыз 83 жашка чыкмак.

Салижан Жигитовдун карапайым калкка жакындыгы, куйкум сөздөрү, анан да баёо баладай жоруктары аны билген, тааныгандардын эсинде аңыз болуп айтылып келет.

Салижан агайдын жоруктарынан кабарчыларыбыздын архивдеги материалдарынан сунуш кылабыз.

Калык Ибраимов, шакирти:

“Пахта теримге концерт койгонубуз ай!”

—Филология факультетинде окуп жүргөндө бизди, студенттерди, Салижан агай түштүккө пахта теримге алып барды. 7-ноябрга карата өзү күлкүлүү сценарий жазып, аны студенттер жергиликтүү калкка коймой болдук.

Музыкалык аспаптан мандолина менен аккордеон бар. Мандолинада мен ойнойм, аккордеондо — дагы бирөө. Калгандарынын баары чака-чайнек, кашык, бөтөлкө, ал тургай чемоданды, урма аспаптар сыяктуу калдыратып-шалдыратып турушат.

Дагы бирөөнү “дирижер” кылып койдук.

Катышуучуларды тааныштырганыбыз да өзүнчө кызык. “Дирижерду” Асанкан Жумакматовдун “шакирти” деп тааныштырат. Дагы бирөөнө шагыратып бөтөлкө илип коюп “Бул кургур ичкич болчу, эми студент кылып оңоп алдык” деп, сонун сценарий жазылган.

Биз койгон тамалашуу концерт жөнүндө коңшу айылдар угуп калып, келип кеткиле деп сурангандыктан, ал жакка да концерт коюп элдин ажатын ачканбыз, -деп эскерет шакирти Калык Ибраимов.

Таалай Абдиев, шакирти:

“Абам кайненесинин үйүн таппай…”

—Менин агаларым, Салижан абамдын атасы колхоздо башкарма болуп иштеген, эстутуму мыкты, баамчыл киши болгон деп айтышаар эле. Бир күнү колхоздо отчет бергени чыгып, колундагы кагазды тескери каратып алып окуп жатат дейт. Көрсө өзү окуганды билбесе дагы, кагазда жазылгандардын баарын эсине тутуп алып, кагазын тескерисинен окуптур. Ошол киши эки уул, эки кызынын арасынан агайды “Сары балам тың чыгат. Бул кара жумуш кылбай эле акыл эмгеги менен тың жашап өтөт окшойт” деп айткан экен.

Салижан абамдын кээ бир жоруктарын эстегенде, күлүп калам.

Бир күнү Ошто окуп жүргөнүмдө келип калды. Чайканадан чай ичип, сыртка чыктык. Салижан абам “Жеңеңдин агалары кайтыш болду эле. Жүр, батага чогуу барып келели” деди.

Күн кечтеп калган. Кар жаап жатты. Жолго чыкканда абам кайнатасынын үйүн таба албай калса болобу!

—Кандай жер эле? –десем:

—Труба бар болчу, –дейт.

Анда “трубаны мен билем” деп баштасам,

—Ии, эми таптым, — дейт.

Көрсө кайнатасынын үйү Ак-Бууранын боюнда, сай тарапта экен.

Абам тууганчыл болчу. Дайыма эле кайсы бир тууганы тууралуу кам көрүп жүрөр эле. Мен да Россияда аспирант болуп жүрүп калганда, кийин уксам, ар кимге мен тууралуу “бечара бала кыйналып жүрөт” деп айта берчү экен. Кийин ырас эле башкарма болгон балдардан мага стипендия төлөтүп берген.

Жазып алган Айгүл Бакеева