36 жыл мурун Ооган согушунда жоголгон кыргыз жоокери тирүү табылды

Ооган согушу учурунда дайынсыз жоголгон Ноокен районунун тургуну 36 жылдан кийин тирүү табылды.

Бул тууралуу Жалал-Абад облустук Ооган согушунун ардагерлер кеңешинин төрагасы Толубай Энназаров «Азаттыкка» билдирди.

Анын айтуусунда, өткөн жылы Орусиянын телеканалдарынын биринен дайынсыз жоголгон Советтер Союзунун жоокерлеринин арасынан Орозалы Кочкоровдун аты аталып, анын Ооган жергесинде жашап жаткандыгы тууралуу маалымат чыккан:

— Биздин республикалык кеңеш Орусиядагы кесиптештер менен бирге сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, алардын жардамы менен дайынсыз жоголгон досубуздун тек жайын аныктадык. Учурда Орозалы Кочкоров Ооганстандын Чакчаран шаарындагы департаменттердин биринде электрик болуп иштеп жатыптыр. Ошол жакта үйлөнүп, эки баланын атасы экен. Ооган жеринен СССРдин жокерлеринин чыгарылганына бир топ убакыт өтсө да ал жакта согуш басыла элек. Сырткы дүйнө менен таанышуу таптакыр мүмкүн эмес. Ошол себептүү досубуз биз менен байланыша албай, Кыргызстанда эмне болуп жатканынан кабарсыз деп ойлойбуз, – деди Энназаров.

Орозалы Кочкоров Ноокен районунун Сакалды айылынын тургуну, үй-бүлөдө 10 бир туугандын жетинчиси. 1982-жылы 18 жаш курагында Ооганстандагы согушка жөнөтүлүп, 1983-жылдын жаз айларында барымтага алынган бойдон дайынсыз жоголгон.

Учурда ооган согушунун ардагерлер кеңеши ооганчы жоокерди туугандары менен байланыштыруу аракетин көрүүдө.

Кыргызстандан Ооган согушуна жети миңден ашуун аскер жөнөтүлгөн. Алардын 252си курман болуп, бир жарым миңдейи жараат алышкан. Алты жүзгө жакыны майып болуп кайтышкан. Дайынсыз жоголгон төрт жоокердин бири Орозалы Кочкоров болчу.

Булак: “Азаттык”

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты