Кудайбердиева куураткан билим берүү системасы

Кудайбердиева куураткан билим берүү системасыБалдарыбызды катасыз жазууга үйрөтүп, бирок ката жазылган окуу китеби менен окуган заманда жашап жатабыз.

Мен эне катары кызым менен уулум окуган китептерден жакшы билим алса деп тилейм. Бирок балдарым катасы оркоюп, жасалгасы начар, эптеп коррупциялык жол менен тааныш- билиш болуп, атаандашсыз өтүп келген автордун, кыска мөөнөттө же эки айда эптеп жазган китебин окууга аргасыз.

Билим берүү академиясынын эксперттик тобу “жактырып», аны Билим берүү министрлиги “сонун”деп басмаканага берип алышып, ката китептерди чыгарууга басмакана күнөөлүү деп беттери кызарбай, министр Гүлмира Кудайбердиева креслосуна жармашып отурат.

2-класс үчүн жазылган Гүлпери Адилованын “Мекен таануу” китебиндеги каталар боюнча канча жолу массалык маалымат каражаттарына чыгып айтсам да, Билим берүү министрлиги, министр Гүлмира Кудайбердиева, Билим берүү академиясы менен автор Гүлпери Адилова каталарды моюнга албады.

Министр «Каталарды карандаш менен оңдогоо убактым жок» десе, автор «Журналист болсон беттен алба» деген позицияны карманышты. Ошондон улам, булардын эч аракет жасабагандыгынан улам, КР Президентине кат жазсам, аны Билим берүү жана илим министрлигине жолдогон экен. Алардан жооп келди, бирок алардын жообуна канаттанган жокмун.

  1. Анда бардык суроолорго жооп берилген жок.
  2. Бир гана «Мекен таануу» китеби жараксыз деп табылды,

Бирок Дүйнөлүк банктын каражатына басылып, мамлекеттин казынасына канча чыгым келтирилди, аны эч ким эсептеген жок.

3) Шалаакылыктан улам, мамлекет тарткан чыгымды ким жабат? Китептин авторубу, Билим берүү академиясыбы, Билим берүү министрлиги менен же министрби? Эксперттик топторго кимдер кирген?

4) Мамлекет деген сөздү шылдың кылып, анын «М» тамгасын түшүрүп, кыргыз тилин окуткандар жоопкерчиликке тартылабы?

5) Москвадан чыгып, РФ символикасы менен окутулган китептер качан пайдалануудан алынат? Алынса, аны алмаштырууга башка окуу китеби барбы?

6) Адилованын “Мекен таануусу”жараксыз деп табылды, бирок ага сынак жарыяланмак тургай, аны тактоочу БИМдин Коллегиясы жыйын кылып, стандартын бекитип бере элек.

7) Жаңы китеп жазылып, сентябрда даяр болобу?Каражатты кайдан алышат?

Суроо көп, бирок жооп жок.

Катты алган соң, Билим берүү министрлигиндеги Мектепке чейинки, мектеп жана мектептен сырткары башкармалыгында иштеген адис Чынара Курбанова мени жолугушууга чакырды. Барсам, “Сиздерге окшоп арыздангандар иштетпей жатат” деп наалыгандан башка сөз чыккан жок.

Министрдин орун басары Надира Жусупбекованын колу коюлган катта суроолорум жоопсуз калганын айтсам, эртеси аны менен жолугушуу уюштурду. Бирок жолугушуу башталганда эле, министрдин орун басары эмне маселе көтөрүп жатканымды түшүнө албай, кайрадан Курбановага тийиштүү кат алып келүүнү өтүнүп, убакытты алышты.

Каттагы ар бир абзацты карап, тийиштүү жооп берилбегенин моюнга алып, жакын арада дагы жооп узатабыз деген бойдон отурушат.

Анткени, бүтүндөй билим берүү системасын дал ушундай чиновниктер уятка калтырып, китептердин ката жазылышына жол берип келүүдө.

«Ой өзгөрбөсө, иш оңолбойт» демекчи, ушу кунгө чейин ката китеп окутуп жаткан балдардын ата-энелеринен, айрыкча балдардан кечирим сурап, жоопкерчилик алуунун ордуна, министр айым президентти коштоп жүрөт. Кызматына»кетпес хандай» болуп жармашканы жармашкан.

Миинистр Кудайбердиеванын Африканын Тунисине барып Кыргызстанда балдарга ысык тамак берүүдө алдыдабыз деп айткан сөзүнүн ашмалтайы чыгып, дал ушул тамак берүүдө чоң коррупциялык схема иштеп, аны оңдоого аракеттенбегенин белгилүү ашпозчу Данияр Деркембаев.24.kg маалымат агенттигинде жазып чыкты.

Ушуга чейин министр Кудайбердиева менен Билим берүү академиясы жаңы чыккан окуу китептериндеги системалуу каталарды оңдоо боюнча сунушун киргизмек тургай, коом көтөрүп, демилгелеген сунуштарды четке кагып, балдарды билимсиздикке жетелөөгө жол ачууда. “Улутту жок кылам десең, билимсиз кыл” дешкен экен акылмандар. Министр Кудайбердиева келечек муундун, азыркы балдардын убалына калууда.

Урматтуу замандаштарым, ата-энелер, эгер сиздер балдарыңыздын билимине кайдыгер болбосоңуз, учурда балдарыбыз окуп жаткан ар бир сабагы боюнча кылдат текшерип, каталарды аныктоо менен катар, кандай сунуштарды бере аласыздар?

Келгиле, Кудайбердиева кууратып жаткан Билим берүү системасынын коррупциялык көрүнүштөрүнө каршы туралы. Ар бир мыйзам бузуу, тамак берүүдөгү санитардык нормалардын сакталбагандыгы, мектептердеги мыйзамсыз акча чогултуусуна каршы туралы.

Ата-энелер, биз, көппүз, биздин максаттар бир эле- ал балдарыбыздын жаркын келечеги. Келечек, бүгүндөн башталат. Биздин балдар эркин, өнүккөн кыргыз жергесинде жашайт. Ошондуктан, ата-энелер эртеңкини ойлонолу, биз шайлоо мөөнөтү чектелген 5-6 жылда алмашчу бийлик эмеспиз, биз күчпүз!

Гүлмира Үмөталиева, эки баланын энеси, журналист

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты