Астанадагы кырсык: Бир бүлөнүн беш кызы өрттө кайтыш болду

Альбинананы тарткан сүрөтү.

Астанада жеке менчик үй тараптан өрт чыгып, андан бир үй-бүлөнүн 5 кызы өрт ичинде калып, кайтыш болду.

13 жаштагы Альбина, 11 жашар Алина, 6 жашар Карина, 4 жашар Мадина жана үч айлык Сабинанын ата-энеси ал учурда жумушта болгон. Анын атасы техникалык тейлөө станциясында, апасы желим идиш чыгарган жайда түнкүсүн иштечү.

Кыздарды улуу кызы жана кошуна жашаган туугандары карап калчу.

Өрттүн себеби иликтенүүдө. Үй меш менен жылытылчу.

Кайгылуу окуя болордон үч күн мурун кыздардын апасы Жанымгүл улуу кыздары мектепке кеткенде кичүүлөрүн карап калыш үчүн атайын түнкү жумушка чыккан.

Туугандары бул үй-бүлө каражаттан каржалып келгенин айтышат. Жергиликтүү бийлик үй-бүлө көп балалуу болгону үчүн пособие аларын, жалпысынан 86 доллар аларын билдирген.

Анын тууганы Махабат Капарова “Квартира, пособие сурап кыздардын апасы бийликке канча кайрылды” деп билдирген.

Бирок материалдык жактан кыйналса да, алардын ата-энеси иштеп, балдарды багууга жана аларга билим берүүгө аябай аракет кылышчу.

Мугалимдердин айтуусу боюнча, ата-энеси кыздарын жакшы карап, жакшы кийинтип, окуткан.

Эми гана улуу кызы Жаңы жылга Аяз атага планшет сурап, кат жазганы билинди. Ата-эне балдарына гаджет сатып бере албайт болчу, алар төрт кредит төлөшчү.

Социалдык түйүндөрдө Альбинанын тарткан сүрөтү илинди. Сүрөттө алардын эски тамы кызыл түс менен боёлуп, морунан түтүн булап турат. Асманда болсо, төрт чымчык учуп, жерде бир кыз күчүгү менен турат…

ЖМК маалыматтары боюнча даярдалды.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты