Кайра шайлоодо Капарова өтпөй калды. Сарыбаева КТРК Байкоочу Кеңешине шайланды

Кайра шайлоодо Капарова өтпөй калды. Сарыбаева КТРК Байкоочу Кеңешине шайланды

Чынар Капарова.

Атыргүл Сарыбаева КТРКнын Байкоочу Кеңешине шайланды. Кайра шайлоодо Чынар Капарова өтпөй калды.    

Жогорку Кеңеште 30-январда түшкө чейин КТРК Байкоочу Кеңещинин мүчөлүгүнө талапкерди тандоодо купуя  добуш берүүдө Чынар Капарова депутаттардын 79 добушун алып,  жеңип чыккан.

Бирок андагы добуш берүү четке кагылып, кайра шайлоо болуп, Атыргүл Сарыбаева 77 добуш менен КТРКнын Байкоочу Кеңешинин мүчөлүгүнө шайланды. Чынар Капарованын талапкерлиги кайра шайлоодо 61 добуш менен өтпөй калды.

Депутат Исхак Масалиев бир талапкер 77 добуш алса, экинчиси 61 добуш алса, анда депутаттардын саны канча болуш керек деген суроо койду. Депутаттардын саны эки талапкердин алган добушун санаганда эле 138 болуп кеткендиги эске алынган жок.

КТРКнын Байкоочу Кеңешинин мүчөлүгүнө 5 талапкер ат салышты. Алар: Маркабай Ааматов, Атыргүл Сарыбаева, Чынар Капарова, Мирбек Мырзабеков, Нургазы Мусаев.

Депутат Рыскелди Момбеков талапкер Сарыбаевага кайрылып, кайра шайлоо “Сиздин айыңыздан болуп жатат. Убагында муну тарых ачыктайт  ” деп айтты.

Ал эми буга чейин да Атыргүл Сарыбаеваны шайлайсыңар деген көрсөтмө болду деп ЖМКда айтылып жатты.

Жогорку Кеңеште КТРКнын Байкоочу Кеңешинин мүчөсүн шайлоо  процедурасы абдан чоң маселеге айланып кетти.  Депутат Кожобек Рыспаев КТРК Байкоочу Кеңешин «Премьер-министрди көрсөткөндөй  эле шайлап жатат» деген пикирин билдирди.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты