Автоунаа жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруунун шарттары кандай?

2019-жылдын 7-февралынан тарта автоунаа жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу мыйзамы күчүнө кирет. Жол кырсыгына кабылган учурда ордун толтуруунун акыркы суммасы белгилүү боло элек. Бирок, бардык шарттары аныкталды.

Автоунаа жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруунун шарттары кандай?

Мыйзам боюнча милдеттүү камсыздандыруунун шарттары төмөндөгүдөй:

  1. Милдеттүү камсыздандыруу деген эмне?

Автоунаа жоопкерчилигин милдетүү камсыздандыруу-бул унаа же мотоцикл ээси жол кырсыгынан жабыркаган учурда, ордун толтурууга багытталган камсыздандыруунун түрү.

  1. Камсыздындыруу аркылуу ордун толтурууга укуктуу жактар

Жол кырсыгы жана унааны эксплуатация учурунда унаа жабыркаганда, унаанын ичиндеги бардык жүргүнчүлөрдүн ден-соолугуна жана мүлкүнө зыян келтирилген учурда Камсыздандыруу аркылуу ордун толтуруу каралган. Бирок, жол кырсыгына күнөөлүү деп табылган унаанын айдоочусу бул укуктарга ээ боло албайт.

  1. Камсыздандыруу кантип эсептелет?

Камсыздандыруунун бекитилген суммасы-1 680 сом. Кошумча беш коэффициенттин негизинде аталган сумма өзгөрүшү мүмкүн. Алар: транспорт каражатынын түрү, айдоо тажрыйбасы, унааны айдоого укуктуу болгон адамдардын саны, айдоочунун жашы, авариясыз айдоо тажрыйбасы, диагностикалык карта жана камсыздандыруу мөөнөтү.

  1. Автоунааны бир нече киши башкарса кандай болот?

Камсыздандырууну алуу учурунда, унааны башкара турган кишилерди жаздырып коюу керек. Бул учурда унааны башкарууга укуктуу кишилердин баарынын айдоочулук тажрыйбасы эсептетилип, максималдуу коэффициенти кабыл алынат.

  1. Кантип эсептелет?

Милдеттүү камсыздандыруу полисинин болжолдуу суммасын эсептеп чыгуу үчүн, базалык 1 680 сомду керектүү коэффициентке көбөйтүү керек. Алгачкы жылы унаанын түрү жана айдоочу жөнүндөгү маалымат маанилүү болот. Мисалы, мотоциклдин айдоочулары үчүн 1 680*0,45= 756 сом болот. Ал эми жол тандабастын айдоочулары үчүн 1 680*1,45=2 436 сом болот. Ушундай эле коэффиент менен өзүнүздүн унааңыздын түрүнө жараша эсептесеңиз болот.

Айдоочунун тажрыйбасына жараша:

Эгерде айдоочулук тажрыйбаңыз 25тен аз жана унааңыздын түрү жөнөкөй болсо (малолитражка) 1 680*1,4= 2 352 сом болот.

Автоунаа жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруунун шарттары кандай?

  1. Чет өлкөлүк жарандар үчүн камсыздандыруу суммасы канча?

Башка өлкөлдө унаасы камсыздандырылган жаран менен келишим түзүүдө 2,2 коэффициент болот. Анда 1 680*2,2= 3 696 см болот.

  1. Жол кырсыгына мен күнөөлүү болгон учурда, камсыздардыруу ордун толтурабы?

—Ооба. Эгерде ал учурда сиз мас абалында болбосоңуз, милдеттүү камсыздандыруу полисинде ата-жөнүнүз болсо жана чыгымдарды жабууга камсыздандыруунун суммасы жеткиликтүү болсо, сиз чөнтөгүнүздөн акча чыгарбайсыз.

  1. Диагностикалык карта деген эмне?

Бул-автоунааңыздын техкникалык абалы тууралуу документ. Камсыздандыруу компаниясы үчүн унааңыздын чөйрө үчүн коопсуз, техникалык абалы жакшы экенин далилдейт. Аны аккредитациядан өткөн, жеке компаниялар жасайт.

  1. Камсыздандыруу полисин бир жылга эмес, бир нече күнгө алууга болобу?

—Ооба. Бул өзгөчө чет өлкөлүк жарандар үчүн ыңгайлуу. Алар 15 күнгө чейин камсыздандыруу полисин ала алышат. Анда баасы 15 күн үчүн 1 680*0,2=336 сом болот.

  1. Полистин баасын аныктоодо, бардык коэффициент эсептелеби?

Камсыздандыруу полисинин баасы бардык беш коэффициенттен көз каранды болот. Ошондуктан бир жыл үчүн полистин баасы жөнөкөй унаа үчүн 1 680 ден 2 200 сомго чейин болушу ыктымал.

  1. Кайсыл учурда камсыздандыруу компаниясы компенсацияны төлөйт?

Камсыздандыруу жол кырсыгынан жабыркагандардын укугун коргоо максатында киргизилип жатат. Мисалы, эгерде жол кырсыгында жабырлануучу тарап сиз болсоңуз, күнөөлүү тараптын камсыздандыруу компаниясы сиздин чыгымдарыңызды төлөп берет. Күнөөлүү тарапка камсыздандыруу компаниясы чыгымдарын төлөп бербейт.

  1. Жабырлануучуларды камсыздандыруу боюнча төлөнүүчү сумма канча?

Жабырланучунун каза болгон учурунда- 300 миң сом.

Жабырлануучу майып болуп калган учурда:

1-группа-200 миң сом;

2-группа-150 миң сом;

3-группа-100 миң сом;

Жабырлануучунун ден соолугуна зыян келтирилип, жаракат алган учурда дарылануусуна 100 миң сомго чейин төлөнөт.

Жабырлануучулардын мүлкүнө зыян келтирилисе ар бирине 150 миң сомдон жана баарына 450 миң сомдон ашпаган сумма төлөнөт.

  1. Эгерде жол кырсыгында бир гана унаага зыян келтирилсе:

Ал учурда милдеттүү камсыздандыруу чыгымдарды төлөбөйт. Ал үчүн камсыздандыруунун башка түрү бар. Транспорт каражатын уурдоодон, айдап качуудан жана зыян келтирүүдөн камсыздандыруу. Камсыздандыруунун бул түрү милдеттүү эмес.

Мыйзам күчүнө кечирээк кириши мүмкүн. Себеби эмнеде?

Бирок, аталган мыйзамдын күчүнө кирүү мөөнөтү дагы эки жылга кечеңдетилиши мүмкүн. Демилгечи депутаттар Акылбек Жапаров, Алтынбек Сулайманов, Абдумажит Юсуров жана Төрөбай Зулпукаровдун айтымында, жарандар унааны милдеттүү камсыздандырыш үчүн кошумча чыгым тартууга азыр даяр эмес. Экинчиден, алар камсыздандыруу компанияларына ишеним артпайт.

Сунуш боюнча ОСАГО мыйзамы 2021-жылдын 7-февралында күчүнө кирет.

Абдумажит Юсуров, Жогорку Кеңештин депутаты:

“Тобокелсиз иштөөнү сунуштап жатабыз”

Автоунаа жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруунун шарттары кандай?

—Биз аталган механизм тобокелсиз иштөөсүн сунушап жатабыз. Процедуранын өзүндө түшүнүксүз жагдайлар орун албашы үчүн белгилүү бир мөөнөткө мыйзамдын ишке кирүүсүн жылдырууну сунуштадык. Кайсы мөөнөткө чейин экендиги азыр талкууланып жатат. Бул мыйзамды башка өлкөлөрдү киргизүүдө көптөгөн тобокел болгон. Ошол эле камсыздандыруу компаниялары алдап кетпеши үчүн. Биз тобокелдиги жок, бардык тарифтерин белгилеп ,анан киргизилсе дейбиз.

Болот Ибрагимов: активист:

“Бизде электрондук база жок”

Автоунаа жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруунун шарттары кандай?

Автоунаа ээлеринин жоопкерчилигин милдетүү камсыздандыруу үчүн Кыргызстан даярбы деген суроо менен активист Болот Ибрагимовго кайрылдык.

—Бизде айлоочулардын электрондук базасы жок да. Ага ылайык айдоочулар ден соолугу тууралуу маалымкатты өзү менен чогуу алып жүрүшпөйт. Жок дегенде бизде ошо болсо, бир нерсе десе боло эле, бул кадамды баштоого. Андан сырткары дагы көп маселе бар. Аларга кийлигишкен жокмун.

Ырысбү Кылычбек кызы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты