Бала асыроо үчүн эмне кылуу керек? (Инфографика)

Мультимедиа

2018-жылдын тогуз айында Кыргызстанда 521 бала жергиликтүү жарандарга асыроого берилген. Мындан сырткары, чет өлкөлүктөр 20 кыргызстандык баланы багып алган.

Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министирлигинин үй-бүлөнү жана балдарды коргоо башкармалыгынын башкы адиси Гүлзина Бообекова "ПолитКлиника" медиасына айтып берди. Биз бул макалада кантип бала асырап алса болорун түшүндүрүп беребиз.

Бала асыроого керектүү документтердин тизмеси:

 

Бул документтер тапшырылган күндөн тартып бир жылга чейин жарактуу болуп эсептелет. Андан соң тиешелүү адис арыз ээсинин жашаган жерине барып жашоо-тиричилигин текшерет. Ошого жараша акты түзүлөт жана 14 жумушчу күндүн ичинде уруксат берилеби, жокпу аныкталып, корутунду чыгарылат. Ал эми бала 10 жаштан ашкан болсо, анын каалоосу каралат.

Чет элдик жарандарга болгон талап

-- Чет элдик жарандар атайын аккредитациядан өткөн уюмдар аркылуу гана баланы асыроого ала алышат. Чет өлкөдөгү уюмдардын өкүлчүлүктөрү Адилет министирлигинен каттоодон өтүп, сертификат алуу үчүн биздин министрликке документтерин тапшырат. Биз алардын документтерин ИИМге, УКМКга, ТИМге жөнөтөбүз. Алардан кортунду келгенден кийин, Кыргызстандын аймагында үч жыл иштегенге болорун тастыктаган сертификат беребиз. Анан чет өлкөлүк жарандар ошол өкүлчүлүк аркылуу бизге кайрылышат. Алар дагы документтердин топтомун беришет. Жогорудагы тогуз документ топтомунан сырткары, бала багуу боюнча атайын курстан өткөндүгүн тастыктаган сертификат жана акредитациядан өткөн чет өлкөлүк уюм менен түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү керектелет.

Баланы асыроого Кыргызстандан ата-эне табылбаган учурда гана чет өлкөлүк жарандар асырай алышат. Ага уруксат соттун чечими аркылуу гана берилет. Алардын тагдыры ошол өлкөлөрдөгү консулдук жана элчиликтин көзөмөлү астында болот.

Ким бала асырай алат?

 

Ким бала асырай албайт?

 

Баланы асырап алгандан кийин кайра баш тарткандар дагы болот

-- Бала асыроону каалагандарды кылдат текшеребиз. Кээ бирлери “жакшылык кылалы дедик эле” деп асырап алышат. Бирок, кайра оюнан кайтып, баланы кайтырып бергендер дагы болот. Мисалы, жакында эле бир эже келиптир. Буга чейин беш баланы асырап алган экен. Жолдошу менен ажырашып кетиптир. Анан “бага албайм” деп кайра алып келди. Ал негизи “Баатыр эне” наамын алган экен. Өзүнүн беш баласы бар экен. Кошумча дагы беш баланы асырап алгандан кийин “Баатыр эне” аталган экен. Эми мынтип, асырап алган балдарын кайтарып жатат. Мындай жагдайлар дагы болуп турат. Мындай кылган туура эмес да. Жарандар жоопкерчиликти сезиши керек. Азыр Бишкек жана Ош шаарларында позитивдик тарбиялоо боюнча эки бөлүм ачылды. Камкорчу, баланы асыроону калоочулар жана фостердик үй-бүлөлөр ошол жактан атайын окуудан өтүшөт.

Биздин жарандар көбүнчө үч жашка чейин жана ден-соолугу мыкты баланы калашат

-- Мен бала асыроо оңой нерсе деп айта албайм. Анткени, баланы алып жатканда ар бир ата-эне жоопкерчиликти сезиши керек. Ошол балага татыктуу тарбия берип, өстүрө алабы деген нерсени биз жакшылап изилдешибиз керек. Бир гана Крыгызстанда эмес, чет өлкөдө деле баланы асыроо үчүн жогорудагыдай эле документтерди топтошот. Бала асыроо процедурасынын созулуп жатышы жарандардын өзүнөн көз каранды. Биздин жарандар көбүнчө үч жашка чейин жана ден-соолугу мыкты баланы каалашат. Бизде кезекке турушат да. Ошондо биринчи кезекте турган жаранга баланын анкетасы көрсөтүлөт. Анан ал тандап отуруп бир эки жылга чейин созулуп кетет.  Ал эми бешинчи кезекте турган жаран баланы асыроого кортунду алып, биринчи кезектегилерди күтүп калат. Ошондуктан, жарандардын өзүнөн көз каранды болуп жатат.

 

 

Бала асыроо оңой процедура эмес

Баланы асырап алуу оңой процедура эмес. Көптөгөн жарандар бул үчүн толгон-токой документ топтоо керектигин, жылдап кезек күтөрүн айтып келишет. Ошондон улам, төрөт үйүнөн кагаздарды жасап коюп, баланы ошол жактан эле кадимкидей акча төлөп алып кетүү фактыларын катталууда. Буга чейин бала сатуу боюнча катталган фактылар.

2016-жылы да өлкөдө ачыкка чыккан беш бала сатуу фактысы катталган. Январь айында Кара-Суу районунун тургуну никесиз төрөгөн перзентин туугандарынан жашыруу үчүн 15 миң сомго сатып жибергени аныкталган. Февралда Бишкек шаарындагы 26 жаштагы келин жаңы төрөлгөн кызын 20 миң сомго белгисиз бирөөлөргө сатып жиберсе, кийинчерээк өзгөндүк 46 жаштагы аял төрт айлык баланы 20 миң сомго соодалаган жеринен колго түшкөн.

Ал эми 2017-жылы  Бишкек шаарында 10 миң сомго үч айлык баланы сатуу учурунда кармалган. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, иштер сотко өткөрүлгөн.

2018-жылы Сокулук районунда 80 миң сомго үч баласын сатканы жаткан аял кармалган. Ал эми Чүй облусунун Панфилов районунун төрөт үйүндө көз жарган аял ооруканадан чыккандан кийин белгисиз жаранга баласын 20 миң сомго сатып жиберген.

Бишкек шаарындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун гинекологдору бала сатууга шектелип кармалганы тууралуу маалымат 2018-жылдын 7-сентябрында ачыкка чыкты. Анда эки адам колго түшкөнү, алардын бири камакка алынганы айтылган. Кийин беш адам кармалып, анын үчөө убактылуу кармоочу жайга киргизилгени белгилүү болгон. Алар ымыркайларды 1000-2000 долларга сатышкан.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексининин “адам сатуу” беренеси боюнча, жасаган иши далилденген учурда 8 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Кылычбек кызы Ырысбү