Колуна салынган шакеги чечилбей...

Мультимедиа

Бишкекте колуна салынган шакегин чече албай калган аял Өзгөчө кырдаалдар бригадасын жардамга чакырууга мажбур болду.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 9-январда Куткаруу кызматына колуна салынган шакегин чече албай калган 1970-жылы туулган С.Н. кайрылды. Шакек чечилбей, анын манжасы шишип кеткен.

Жардамга барган ӨКМ Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары аялдын манжасынан шакекти чыгарып беришти.

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы.