Алмазбек Атамбаев Индияга барат

Мультимедиа

Экс-президент Алмазбек Атамбаев 11-январдан 21-январга чейин Индияга барып келгени жатат.

Бул тууралуу КСДП партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева фейсбук баракчасына жазды.

“Ооба, Алмазбек Шаршенович кыска мөөнөттүу командировка алып, партиялык иштерден эс алууну пландаштырып жатат. Мамлекеттик кызматкер эмес, ошондуктан кайсы жакка сапарга чыкса, анын эрки” деди Жолдубаева.

Андан мурда социалдык түйүндөрдө экс-президенттин Индияга бараары тууралуу маалыматтар чыккан.

Сүрөттү: Султан Досалиев тарткан.