Жаңы жылдан тартып киргизилген ири суммадагы айып пулдар катуу талкууга алынды

Маек

Жаңы, 2019-жылдан тарта жаңы эрежелердин негизинде айып пулдар киргизилди. Бирок, айып пулдун суммасына карата сындар айтылып жатат. Мисалы, көчөдө түкүргөнү үчүн  5500 сом айып пул салынат.

Кайсы кыймыл - аракеттер үчүн айып пул салынат?

  1. Коомдук жайларда түкүргөнү үчүн жеке жактарга 5500 сом, юридикалык жактар үчүн 17 миң сом айып пул каралган. Мыйзамды бузгандарга айып пулду жергиликтүү органдар жазышат. Ал эми айып пул 30 күндүн ичинде төлөнүүсү керек.
  2. Таштандыларды ыргытканы жана өрттөгөндүгү үчүн дагы айып пул киргизилет. Мисалы, мөмө-жемиштердин кабыгын туш келди ыргытканы үчүн - 5500 сом айып.
  3. Люктарды, кудуктарды мыйзамсыз ачуу жана пломбаларды бузгандыгы үчүн - 5500 сом айып пул киргизилген.
  4. Коомдук жайларда тынчтыкты сактабагандыгы үчүн - 1000 сом айып пул каралаган.
  5. Жеке территориясын мыйзамсыз кеңейткендиги үчүн - 1000 сом айып пул киргизилген.
  6. Коомдук жайлардагы лифтти бузгандыгы үчүн - 3000 сом айып пул менен жазаланат.
  7. Коомдук жайларда тамеки чеккендиги үчүн айып - 1000 сом. Тамеки чегүүгө уруксат берилген жерлер атайын белги менен белгиленген.
  8. Ит жана мышыктарды багууда эрежелерди бузгандар да айып пулга жыгылат.
  9. Милиция, тез жардам жана ӨКМ кызматтарын жалган чакыргандыгы үчүн - 5500 сом айып пул каралган.
  10. Ата-энелик жоопкерчиликтен качкандар үчүн 7000-10 000 сомго чейин айып пул төлөөгө туура келет.

Ошондой эле, жаңыдан күчүнө кирген эрежелердин негизинде мас абалында машине айдагандарга 17 500 сом айыппул салынат. Ал эми 40 чакырымдык ылдамдык чегин бузган айдоочулар 7500 сом айып пул төлөйт.

Бирок, жарандар аталган айып пулдардын суммасынын көптүгүнө жана кантип далилдене тургандыгы боюнча нааразычылыгын билдирип жатышат. Көпчүлүгу мындай көлөмдөгү айып пулдарды төлөөгө элдин айлык акысы жетпей тургандыгын айтышса, дагы бир бөлүгү кезектеги коррупция системасы өнүгөөрүн айтып жатышат.

https://www.facebook.com/photo.php?fbid=784728775210986&set=a.100766213607249&type=3&theater

https://www.facebook.com/photo.php?fbid=784792281871302&set=a.100766213607249&type=3&theater

Аталган маселе боюнча эл өкүлдөрүнө байланышып, ойлорун сурап көрдүк.

Дастан Бекешев, Жогорку Кеңештин депутаты:

“Бул маселе боюнча жаңы норма сунуштап жатам”

--“Тартип бузуулар тууралуу кодекс” 2017-жылы кабыл алынып, азыр эле күчүнө кирип жатат. Көбүнчө, жол эрежесин бузуудагы айып пулдар жөнүндө айтып жатышпайбы. Туура, бул жерде бир аз туура эмес болуп калды. Кээ бир айып пулдар тескерисинче төмөндөдү. Мисалы, мас абалында автоунаа айдоого муурун 20 000 сом айып пул болсо, азыр 17 500 болуп калды. Менин оюмча, ошол маселени көтөрүп жаткан жаран балким, көп тартип бузат. Чындыгында, статистиканы карасак, көп эле айдоочу жол эрежесин сактабайт экен. Ошол эле депутаттар, министрлер жөнөкөй кызматкерлер, мугалимдер. Анын айынан канчалаган жол кырсыктары болуп жатат.

Бири-бирибизди тартиптүүлүккө чакырып, мыйзамды бузбайлы дешибиз керек. Албетте, айып пулдарды суммасы аябай көп болуп жатат. Мен азыр бир норманы сунуштап жатам, “Эгерде жети күндүн ичинде айып пулду төлөсө, анда анын айып пулун 50% га азайталы” деген. Бул кабыл алынабы же жокпу, аны да көрөбүз. Автоунаа айдоо да чоң жоопкерчилик, ошону ар бир жаран сезиши керек. Айдоочулардын машинанын кандай айдаганы байкалууда. Жолдо бири-бирин сыйлабайт.

Дагы бир маселе бар, МАИ кызматкерлерине карата ишенбөөчүлүктөн да нааразычылык күчөп жатат. Ошол боюнча да норманы сунуштап жатам. Жарандар тартип бузууну камерага тартып койсо, айып пулдун 10% ын өзүнө алсын. Ошондо, МАИге ишенбеген эл бири-бирине ишенип калат.

Аида Касымалиева, Жогорку Кеңештин вице-спикери:

“Өкмөт элди даярдашы керек болчу”

--Мен дагы социалдык тармактардан январдын биринчи жумасында нааразычылык көп болгонун билип жатам. Менимче, бул эки маселеге байланыштуу: Тартип бузуулар кодекси менен жаңы айып пулдардын киргизилиши жана жол эрежесин бузууларга карата айып пулдун көтөрүлүшү.

“2019-жылдан тартып жаңы кодекстер ишке кирет” деп  үч жылдан бери эле даярданып жүрөбүз. Өкмөттүн чоң даярдык көрүп, элге маалымат берүүгө убактысы бар эле. Өкмөт элди даярдашы керек болчу. Эл үчүн бул күтүүсүз жаңылык болуп калды. Ошондуктан нааразычылыктар болуп жатат деп ойлойм.

Экинчи маселе, МАИ кызматкерлерине ишенимдин жоктугу. Мисалы, “Эки күндө 15 мас айдоочу айып пулга жыгылып, 200 миң сомдон ашык каражат түштү” деп жатышат. Менин оюмча, андан көбүрөөк болду. Ошол акча кайда кетти? Элди түйшөлткөн ушул маселе. “Ошол эле акча алган, коррупционерлерге биз көбүрөок төлөп калабыз” деп жатышат. Бюджетке ошол акчалар түшөбү? деген маселе жаралууда. Аны биз дагы түшүнүп жатабыз. Бул комплекстүү чечилиши керек. “Коопсуз шаар” долбоору иштеш керек, МАИ кызматкерлери өздөрү акча албашы керек, алардын айлыгы жакшы болушу, түшүндүрүү иштери жүрүшү зарыл. Өкмөттүн кадамдары ошондой болсо гана нааразылык жаралбайт. Мен албетте, түкүргөндөргө да, мас абалында айдагандарга да каршымын. Бир жагынан айтып жатышат, “Жолдо баары тартиптүү жүрүп калышты” деп.  Бул дагы “Мыйзамга баш ийишибиз керек” деген ойго жетелейт. Бирок, жогорудагы маселе чечилмейинче, дагы эле коррупция боло бериши мүмкүн деген коркунуч бар.

Түкүргөнү үчүн айып салууга сурамжылагандардын 70 %ы “макул” дешкен   

Биз буга чейин “Бишкек мэриясы көчөдө түкүрүү үчүн 5500 сом айып пул киргизгени жатат. Муну менен макулсузбу?”-деген сурамжылоо жүргүзгөнүбүздө, катышуучулардын 70% ы бул долбоорду колдоорун билдиришкен. Ал эми айып пулдун суммасына жаңы жылдан тартып  нааразы болгондор сурамжылоого катышкандардын калган  30 % ы болушу керек.

Ырысбү Кылычбек кызы