Көз жоосун алган кооздук. Кыргызстандагы кышкы туризм тууралуу ролик

Маек

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаменти Кыргызстандагы кышкы туризм тууралуу ролик жарыялады.

"Видео өлкөнүн бардык аймактарында тартылды. Ал аркылуу туристтерди ажайып Кыргызстаныбызда кышында кантип көңүл сергитип, энергия топтоого болорун көрсөтүүнү максат кылдык", — дешти департаменттен.

Ролик жалпысынан эки мүнөткө созулат. Анда ар карлуу тоолор, жаратылыш койнунда эс алып жаткан туристтер, жаа бою качкан кийиктерди көрүүгө болот.

 

https://www.youtube.com/watch?v=nkR6KZL1hqY&feature=youtu.be