Касымалиева Жогорку Кеңештин вице-спикери болуп шайланды

Маек

Депутат Аида Касымалиева парламенттин бүгүнкү, 27-декабрдагы, жыйынында Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары болуп шайланды.

Анын талапкерлигин 91 депутат колдоду, 16 депутат каршы болуп, көпчүлүк добуш менен вице-спикерлик орунга олтурду.

Касымалиева Жогорку Кеӊештин депутаттыгына КСДП партиясынын тизмеси боюнча шайланган. Ал 1984-жылы Ош шаарында туулган. 2005-жылы Бишкек гуманитардык университетин журналист адистиги боюнча аяктаган. Кыргыз, орус, англис тилдеринде эркин сүйлөйт жана жазат.

КСДП фракциясы тарабынан кайра чакыртылып алынган депутат Асел Кодуранованын ордуна дайындалды.

Сүрөт: Интернет булактарынан.