Депутат Акматов: “Айыл өкмөттөрүнүн иши токтоп калды”

Маек

Жогорку Кеңеш жыйынында депутат Алмазбек Акматов айыл өкмөттөрүнүн мурунку карыздарынын айласын таппай жатканын белгиледи:  

“Ушу тапта айыл өкмөттөрүнүн мурдагы карыздары сот аркылуу өндүрүлүп жатыптыр. Кезинде карызды алган жетекчилердин арасында өлгөндөрү, башка жакка дайынсыз кеткендери бар экен. Кыскасы, айыл өкмөт башчыларынын соттон башы арылбай, мурдагы карыздарды төлөй албай, абдан кыйналып турушат. Көп айыл өкмөттөрүнүн иши токтоп калды. Мындай абал өкүм сүрүп жаткан убакта Өкмөт четте калбай, тийиштүү чараларды көрүп, айыл өкмөттөрүнүн көйгөйүн жеӊилдетиши керек" деди депутат Акматов.

Сүрөт: ЖК басма сөз кызматыныкы.