Нуржамалдын көзү көрбөй калса дагы, таттуу жасап бизнес кылат

Маек

Нуржамал 25 жашта, жалгыз бой эне жана эки жылдан бери көзү көрбөй калды. Бирок, ага карабастан жеке ишин баштап, экологиялык таза таттууларды жасап, жарманкелерде сатат. Ал спортко дагы аябай кызыгат, триатлонго катышып, ар кандай жарыштарга барып турат. Жашоодогу кыйынчылыктарга моюн сунбай, башкаларга дагы жардам берүүнү каалаган Нуржамалдын окуясы.

Эки жашымда ата-энем ажырышап кеткен

--Мен  Балыкчы шаарында төрөлгөм. Эки жашымда Бишкекке көчүп келгенбиз, ата-энем ажырашып кетип, таенемдин колунда өскөм. Эки бир тууганбыз, кичинекей иним бар. Ал апамдын колунда өскөн, азыр менин жанымда. Сабактан кийин мага жардам берип, каралашат.

Бишкекте бала бакчага барып, мектепти бүтүрдүм. Андан кийин кайра таенем менен Балыкчыга көчүп барып калдык. Ал жактан педагогикалык колледждин информатика мугалими бөлүмүн бүтүрдүм. Бирок кесибим менен иштеген жокмун.

Бишкекке кайра келип курстарга барып, кирпик чаптаганды, макияж жасаганды үйрөнүп иштей баштадым. 18 жашымда турмушка чыктым. Кыз - жигит болуп деле сүйлөшкөн эмеспиз, таенелерибиз тааныштырып, анан куда түшүп келип эле алып кетишкен.

Кийин уул-кыздуу болдук. Уулум беш жарым, кызым үч жарым жашта. Турмушка чыккандан кийин деле иштеп жүрдүм. Биринчи салондордо иштеп, ал жактан кардарларды таап алгандан кийин үйгө чакырып иштеп жаттым. Андан сырткары клубда адмнистратор болуп иштедим.

Жолдошум башкага үйлөнүп алды

--Анан жолдошум менен ажырашып кеттим. Россияда таежем менен жездем иштечү. Кийин жолдошумду дагы “Келип иште” деп чакырышкан. Жолдошум кеткенден кийин 1,2 ай байланышып жүргөн, андан кийин эле дайыны жок болуп кетти. Көрсө таежемдерден өзүнчө башка батирге бөлүнүп кетип, үйлөнүп алыптыр. Аны укканда мен деле байланышпай, жайына койдум. Ошентип ажыраштык. Азыр балдар менен байланышпайт. Андан жардам деле күтпөйм.

Конъюнктивиттен көзүм көрбөй калды

--2017-жылдын февраль айларында көзүм катуу кычышып, кызарып кетти. “Юрфа” диагностикалык борборуна барсам “конъюнктивит” дешти. Консультация алып, жазып берген дарыларын алып, көзүмө тамызып баштаганда эле көзүм тумандашып, көрүүм начарлап баштады. Бул убактылуу эле нерсе, жакында айыгып кетем деген ой менен эле жургөм. Бир күнү температурам көтөрүлүп, кусуп, жатып калдым. Ошондо Республикалык ооруканага бардык. “Панувеит, глаукома, катаракта” деген диагноз коюшту.

Башка окулисттерге деле барсам баары эле “Операция жасаш керек” дешти. Бирок, Кыргызстанда ал үчүн керектүү жабдуу жок экен. Операцияга акча жетпегендиктен, таенемдин Бишкекте үйү бар эле, ошону сатып, Новосибирскиге барсак, “Биз жасай албайбыз. Москвага баргыла” деп коюшту. Москвадан бир көзүмдү операция кылышты. Дарылануу аяктагандан кийин жакшы эле көрүп калгам.

Бул жакка келгенден кийин, бир аз убакыт өткөндөн кийин кан басымым жогорулап, көрүүм кайра эле начарлап кетти. Март айында Уфага баргам, ошол жактан үмүт берип жатышат. Ар алты ай сайын 3-4 жолу операция жасаш керек экен. Биринчи операциясын жасашты. Азыр өзүмдү салыштырмалуу жакшы сезип калдым.

 

Жөнөкөй кишилер жасаган нерселерди эле жасайбыз

--Таттууларды Уфага барып келгенден кийин жасай баштадым. “Дагы 3-4 операция керек. Ортосунда алты айдан эс алып кел” дешкенде мен дагы көпкө чейин үйдө отуруп калаарымды жана каражат керектигин түшүндүм. Үйдө отуруп калууну каалаган жокмун. Анан Азиздердин кыргыз федерациясы бар экен.  Негиздөөчүсү- Гүлназ Жүзбаева. Ал жакта көзү көрбөгөндөрдү кадимки жашоо- шарттарына үйрөтөт. Жөнөкөй адам эмнени жасаса, ошол эле нерселерди жасайбыз. Мисалы, тамак жасаганды, тиккенди, үйдү жыйнаганды, окуганды, жазганды, компьютер, смартфондор менен иштегенди, өз алдынча басканды, өз алдынча жашаганды үйрөтүштү.

Ошол федерацияга баргандан кийин депрессиядан чыктым. Анткени ал жакта дагы биз сыяктуу эле азиздер көп ийгиликтерге жетишкенин көрдүм. Мисалы, биздин тренерлерибиз ар тармактагы ийгиликтүү инсандар. Таяк менен басканды үйрөткөн тренерибиз триатлон боюнча Азия чемпиону. Ошол киши мени дагы триатлон курсуна жаздырып койгон. Ага катышып азыр, жарыштарга дагы барып турам.

Таттууларды жасап, керектүү каражат тапса болот экен

---Федерацияга барып жүргөндө Улуттук университетте окуган кыздар менен таанышып калдым. Алар “Энактус” деген долбоордо иштешет экен. Адеми, Алтынай деген кыздар таттуу жасаганды үйрөтүшкөн. Мага дагы аябай жакты, анткени,  жасалышы оңой, даамы дагы таттуу жана пайдалуу. Анткени, табигый таза продуктылардан жасалат. Ошондо “Жасап иштесем жакшы болмок экен” деп койгом. Күзүндө окуу бүтүп, биринчи жасап тааныштарыма берип көрдүм, “Кандай экен, сатсам ушундайды алат белең?” десем баары эле мактап жатышты.

Анан баштап көрөйүн деп, биринчи 100 даана жасап, тааныштарыма берсем бат эле ишке ашырып, сатып беришти. Анан 200 даанага буйрутма түштү. Андан кийин дагы көбөйүп отуруп, кийин жарманкелерди сунуштап башташты. Ал жакка дагы жасап, башында өзүм сатып көрдүм, андан кийин байкем менен инимди чакырып алдым. Аябай жакшы болду. Азыр жакшы эле киреше алып келип жатат. Таттууларды жасап, балдарымды багып кете алаарыма көзүм жетип турат. Операцияга ар алты ай сайын барсам, ага деле чогулта алам деп ойлоп жатам.

Көзүм көрбөй калса деле кайгырбайм

--Азыр балдарым таенемдин колунда. Ата-энем деле колдоп, каралашат. Бирок, эң көп колдоо көрсөткөн бул таенем. Ал азыр 65 жашта. Бирок, аны таптакыр 65 жашта деп айтпайсың. Аябай эле жаш көрүнөт. Менин эки баламды багат. Эртең менен бала бакчага алып барат, андан кийин базарга чыгат. Ал жактан чыгып, балдарды алып келет. Үйдөн бозо жасап, аны сатат. Аябай гиперактивдүү, энергиясы ашып-ташып турат.

Эми айыгып, көзүм көрүп кетеби, билбейм. Бирок, айыксам деле, айыкпасам деле максатым баир. Таттуларга дагы башка ассортименттерди кошуп, цех ачсамбы деген оюм бар. Ал цехке жумушка мен сыяктуу мүмкүнчүлүгү чектелгендерди алып, аларды дагы жумуш менен камсыз кылгым келет. Жалгыз эле өзүм акча таап, пайда көрүү эмес, башкаларга дагы жардамым тийсе деген оюм бар. Азыр көзүм көрбөй калса деле кайгырбайм, анткени, ага карабай толук кандуу жашап кете алаарыма көзүм жетти.

Ырысбү Кылычбек кызы