Кубанычбек Кулматов 20 жылга чейин соттолушу ыктымал

Кубанычбек Кулматов  20 жылга чейин соттолушу ыктымалКубанычбек Кулматовдун жактоочусу Сергей Слесарев 24 kg  агенттигине билдиргенине караганда, Бишкек шаарынын экс-мэринин иши Баш прокуратурага, андан кийин сотко  өтөт.

Жактоочу Улуттук Коопсуздук кызматынын тергөөчүлөрү өзүнө юрист катары кысым жасаганын жана айып мыйзамсыз коюлуп жатканын билдирди.

Кулматовго коррупция, өз ара келишип алып коррупцияга баруу беренеси коюлуп жатат, ал айып менен 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал.

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кулматов мектептин  курулушуна каралгаан 2 млн доллар гранттык каражатты мыйзамсыз пайдаланган деп айыпталууда.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты