Атамбаев үйүн апрелчилердин балдарына берди деген маалымат туура эмес болуп чыкты

Атамбаев үйүн апрелчилердин балдарына берди деген маалымат туура эмес болуп чыктыМурдагы президент Алмазбек Атамбаев апрель окуясында жабыркагандардын балдарына Кой-Таштагы жаңы үйүн белекке берди деп маалымат сайтынын бири жарыялаган маалымат туура эмес болуп чыкты.

Бул тууралуу КСДП партиясынын маалымат катчысы Кундуз Жолдубаева маалымдады.

2016-жылы Алмазбек Атамбаев өзү туулуп-өскөн Кой-Таш айылына жеке менчик үй салган. Кийин бул үй салуу үчүн  жер боюнча чыр чыккан. Ал жактагы баш-аягы 9 гектар жерди ал кездеги Бишкек мэри Албек Ибраимовдон сатып алганы айтылган. Ага чейин Бакиевдер ал жерди мыйзамсыз менчиктештирип, 2010-жылы мамлекетке кайтарылган болуп чыккан.

Сүрөт: Интернет булакарынан.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты