Соликамскидеги 9 шахтачынын өлүмү

Соликамскидеги 9 шахтачынын өлүмү

Иллюстрациялык сүрөт

Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбеков Солимскидеги шахтачылардын курман болгондугуна байланыштуу Россиянын Президенти Владимир Путинге көңүл айтты.  

Regnum басылмасы билдиргендей, Соликамск шаарындагы “Уралкалий” компаниясында 22-декабрда өрт чыкканда шахтада сырт менен байланыша албай, 9 щахтачы калган.

Адегенде кырсык болгон учурда шахтада 17 кызматкер бар болчу, алардын сегизин эвакуациялап алып чыгып кетишкен. Дагы шахтада 9 адам калган.

Алар кайсы бир убакка чейин байланышка чыгып жатышкан, бирок өрттөн улам щахтада бемпература жогору болгонунан  улам шахтачыларды сактап калууга мүмкүн болбоду.

Аларды сактап калууга удам-улам жардам жиберилип жатты. Бирок тоо куткаруучулары шахтадагыларды тирүү алып чыга алышпады. Анын үстүнө алардын ар биринин кислороду алты гана саатка жетерлик эле.

Шахтада коопсуздук эрежелери сакталбагандыгына байланыштуу кылмыш иши козголду.

Өрт өчүрүлгөндөн кийин шахтанын босогосу бузулуп, кирүүгө мүмкүн болбой калган. Эртең менен гана шахтачылардын сөөгүн алып чыгышкан. Кырсыкка кабылган шахтачылар Пермь крайынан, Краснодар крайынан жана Башкириядан болгон.

Сүрөт: Mchs.ru

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты