2019-жылдын январь айында аба ырайы кандай болот?

2019-жылдын январь айында аба ырайы кандай болот?

2019-жылдын январь айында күтүлгөн аба ырайы кандай болорун Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Чүй облусунда жаан-чачын аз болот  

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…2° төмөн болуп, -3…-5°, Чүй өрөөнүнүн түндүгүнндө, Кемин өрөөнүндө жана тоо этектеринде -7…-9° суук болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -4…-9° сууктан -10…-15° суукка чейин, күндүз 1…6° жылуулуктан 0…-5° суукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Айдын кээ бир күндөрүндө абанын температурасы түнкүсүн -20…-25°, күндүз -8…-13°суукка чейин, Чуй өрөөнүнүн түндүгүнүндө түнкүсүн -23…-28°, күндүз -10…-15° суукка чейин төмөндөшү мүмкүн.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан аз болушу күтүлөт (Чүй өрөөнүндө 25-28 мм, тоо этектеринде 12-22 мм).

Талас облусунда суук 28 градуска чейин болушу күтүлөт

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…3° төмөн болуп, -6…-8° суук болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -8…-13° сууктан -15…-20° суукка чейин, күндүз 0…5° жылуулуктан -1…-6° суукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Айдын кээ бир күндөрүндө абанын температурасы түнкүсүн -23…-28°, күндүз -10…-15° суукка чейин төмөндөшү мүмкүн.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан аз болушу күтүлөт (17-19 мм).

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын аз болот

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…3° төмөн болуп, -2…-4°, тоо этектериндеги райондордо -4…-6° суук болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -1…-6° суууктан -8…-13° суукка чейин, күндүз 2…7° жылуулуктан 0…-5° суукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.
Тоо этектериндеги райондордо абанын температурасы түнкүсүн -3…-8° сууктан -10…-15º суукка чейин, күндүз 0…5° жылуулуктан -2…-7° суукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан аз болушу күтүлөт (өрөөндөрдө 15-52 мм, тоо этектериндеги райондордо 25-74 мм).

Ысык-Көл облусунда орточо температура 2 градуска чейин төмөн болот

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…2° төмөн болуп, -3…-5°, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында -5…-7° суук болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -3…-8° сууктан -10…-15°суукка чейин, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында -20…-25° суукка чейин, күндүз 0…5° жылуулуктан -3…-8° суукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан аз болушу күтүлөт (2-9 мм, чыгышында 14-21 мм).

Нарын облусунда 35 градуска чейин суук күтүлөт

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…3° төмөн болуп, -18…-20°суук, Кочкор районунда -10…-12° суук болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -10…-15° сууктан -18…-23° суукка чейин, күндүз -5…-10° сууктан -11…-16° суукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Айдын кээ бир күндөрүндө абанын температурасы түнкүсүн -25…-30°суукка, күндүз -15…-20°суукка чейин, Ат-Башы районунда түнкүсүн -30…-35°, күндүз -17…-22° суукка чейин төмөндөшү мүмкүн.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан аз болушу күтүлөт (2-9 мм).

Жайыттарда

Алай өрөөнү

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…2° төмөн болуп, -16…-18° суук болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -17…-22° сууктан -25…-30° суукка чейин, күндүз -8…-13° сууктан -15…-20° суукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан аз болушу күтүлөт (19-21мм).

Суусамырда 45 градуска чейин суук

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 3…5° төмөн болуп, -25…-27° суук болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -24…-29° сууктан -30…-35° суукка чейин, күндүз -13…-18° сууктан -20…-25° суукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Айдын кээ бир күндөрүндө абанын температурасы түнкүсүн -40…-45°суукка, күндүз -23…-28° суукка чейин төмөндөшү мүмкүн.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан аз болушу күтүлөт (16-18 мм).
Бул тууралуу Өзгөчо кырдаалдар министрлиги билдирди.

Сүрөт: «ПолитКлиника».

 

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты