Жаңырган жылы жети күн эс алабыз

Жаңырган жылы жети күн эс алабызПремьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 2019-жылкы дем алыш күндөрүн которуу жөнүндө токтомго кол койду.

Өкмөттүн «2019-жылкы дем алыш күндөрүн которуу жөнүндө» токтомуна ылайык, кыргызстандыктар 2019-жылдын 1, 2, 3, 4, 5, 6 жана 7-январында, ошондой эле 9, 10, 11 жана 12-майында эс алышат.

25-февралдагы дем алыш күнү 2-январдагы жумушчу күнгө, 8-апрелдеги дем алыш күнү 3-январдагы жумушчу күнгө, 2-сентябрдагы дем алыш күнү 4-январдагы жумушчу күнгө, 6-майдагы дем алыш күнү (5-май дем алыш күнгө туш келгендиктен, эс алуу күнү катары саналат) 10-майдагы жумушчу күнгө которулууда.

Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты