Кышкы турсезон эшик ачты. Кеминде дагы тоо лыжа базасы ачылат

Кышкы турсезон эшик ачты. Кеминде дагы тоо лыжа базасы ачылатКыргызстанда кышкы туристтик сезонду  вице-премьер — министр Алтынай Өмүрбекова ачты. 

Вице-премьер кышкы спорт өлкөдө артыкчылыктуу багыттардын бири болуп каларын белгиледи. Жакын арада Кеминде жаңы тоо лыжа базасы ачыла турганын айтты.

Туризм департаментинин директору Максат Дамир уулунун айтымында, кышкы спорт менен алектенген чет элдик туристтер да өлкөгө арбын келе баштаганын,  туристтерди дагы көп чакыруу максатында видеороликтер даярдалып жатканын билдирди.

Бул тууралуу Маданият, маалымат жана труизм министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Сүрөт: Аталган министрликтин басма сөз кызматыныкы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты