Индонезия: Цунамиден каза болгондордун саны 281 ге жетти

Индонезия: Цунамиден каза болгондордун саны 281 ге жеттиРИА-новости маалымат агенттиги билиргендей, Индонезиянын Зонд кысыгынын жээгиндеги болуп өткөн цунамиден каза тапкандардын саны  281 ге жеткендигин Straits Times  маалымат булагына таянуу менен берди.  

Цунамиден жапа чеккендердин саны 1000 ден ашты, 57 адам дайынсыз болууда.

Индонезиянын Зонд кысыгынын жээгиндеги цунами ишемби күнү жергиликтүу саат 21.27 де болду. Жүздөгөн үйлөр менен имараттар жараксыз абалга келди.

Өлкөнүн бийлиги цунами  суу алдындагы көчкүдөн улам пайда болду деген пикирде, ал эми суу алдындагы көчкүнү Анак-Кратау вулканынын активдүүлүгү алып келген.

Индонезияда азырынча суу алдындагы көчкүдөн же вулкандын активдешинен улам пайда болгон цунаминин алдын-алуу каражаты жок экендиги айтылууда.

Сүрөт: Straits Times

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты