Текебаев Сооронбай Жээнбековдун «Ырайым сураса, берейин» деген сөзүнө жооп узатты

Текебаев Сооронбай Жээнбековдун "Ырайым сураса, берейин" деген сөзүнө жооп узаттыӨмүрбек Текебаев мунапыска ырайым сурабай турганын билдирди.

Бул тууралуу бүгүн саясатчыны туулган күнү менен куттуктап саясатчылар жана коомдук ишмерлер барган учурда жооп берди.

«Мен 8 жылга кесилгем, бул мөөнөттүн жалпы эсептегенде 5 жыл 2 айын отурдум. 2 айдан кийин жатак абакка чыккангы мүмкүчүлүгүм бар. Бир жылдан кийин шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгам. Мен кармалгандан баштап бардык этапты басып өттүм. Мен эртеби же кечпи чыгам. Эртеби же кечпи, чындык орнойт. Жок нерсени бар деп койсо, ал тарыхта ташка тамга баскандай калбайт. Мен күткөндөн коркпойм. Колдоп турган адам болсо, эч нерсе коркунучсуз. Кылган ишиңдин бааланышын билсе адам өлүмгө деле кете бергидей. Эл журт колдоп турса 2 ай көбүрөөк отуруп койсом ашыкча эмес», — деди Текебаев.

Аны менен катар абакта ага кызматкерлер жогорку сый менен мамиле кылып жатканын айтты.

«Бул жакта мамиле жакшы. Бир да жолу колума кишен салышкан жок. Кинодогудай дубалды каратып, колумду кайрып алып кетишкен жок. Мына балдар турат, буюмдарымды дагы ар дайым өздөрү көтөрүп жүрүшөт. Бир да начар мамилени көргөн жокмун. Мен муну мурунку бийликтин жана азыркы бийликтин оппоннентине, душманына жасаган мамилеси деп баалайм. Ушуга окшогон мамиле бизде саясатчылардын, эркектердин, адамдардын арасында ар дайым болуш керек. Эреженин чегинде чабышыш керек, утулган адамга урмат болуш керек. Жеңилүү ар дайым убактылуу», — деди саясатчы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты