Өмүрбек Текебаев Атамбаевдин сөзүнө комментарий берди

Өмүрбек Текебаев Атамбаевдин сөзүнө комментарий бердиБир катар коомдук ишмерлер «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди туулган күнү менен куттуктоого ооруканага барышты.

Ал учурдан пайдаланып журналисттер буга чейин экс-Президент Алмазбек Атамбаевдин «Өмүрбек Текебаевди мыйзамга карабай эле каматпай эле койсом болмок экен деп өкүнүп калдым» деген сөзүнө комментарий беришин суранышты.

Өмүрбек Текебаев: «Мен бул суроого жооп бербей эле коеюн дедим эле, бирок жооп берип коеюн. Атамбаевдин бул табышмактуу айткан сөзүн мен «Текебаевди каматып, анын рейтингин өстүрүп жибердим деп өкүнгөндөй түшүндүм. Балким, Салянова, Чудиновдой кылып күнөөлүү кылып соттоп, кадырын түшүрүп, бирок каматпай койсом элдин аеосуна туш болуп, рейтинги өспөйт эле деп өкүнүп жаткандай» деди.

Эске салсак, «Ата Мекендин» лидери Өмүрбек Текебаев бүгүн 60 жашка чыкты. Анын партиялаштары уюштурган туулган күнүнө Роза Отунбаева баштаган убактылуу өкмөтсүлөрдүн баары (Ред. Атамбаевден башкасы), ЖКнын бардык чакырылыштарынын депутаттары, фракция лидерлери, белгилүү коомдук ишмерлер келип катышты.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты