Жумгалда эки наристени жана чоң энесин муунтуп өлтүрдү

Жумгалда эки наристени жана чоң энесин муунтуп өлтүрдүНарындын Жумгал районунда мыкаачылык менен, секелек кызды жана аялды зордуктап, андан кийин баланы кошуп, үчөөнү өлтүргөн факты катталганын укук коргооо органдары билдирди.

Көк-Ой айлында 21-декабрда кечинде милицияга үч киши бар үй күйүп жатат деген маалымат түшкөн.
Милиция кызматкерлери келгенде 42 жаштагы А.Э. жана анын эки небереси, 4 жаштагы кыз жана 7 жаштагы бала каза болгонун аныкташкан. Экспертиза учурунда үйдүн кожейкеси жана анын 4 жаштагы небере кызы зордукталып, андан кийин муунтулуп өлтүрүлгөнү белгилүү болгон. Аялдын 7 жаштагы небереси да муунтулуп өлтүрүлгөн.

Бул кылмыш боюнча 29 жаштагы жергиликтүү тургун Ш.К. кармалган. Ал милиция кызматкерлерине 20-декабрда саат кечки 9 да аялдын үйүнө барып экөо чогуу спирттик ичимдик ичкенин айткан. Андан кийин аял уктаганы кирет. Ошол учурда анын 4 жаштагы небере кызы чыкканда, кызды зордуктаганын, анын 7 жаштагы бир тууганы көрүп калганда, эки баланы тең муунтуп өлтүргөн билдирген. Андан кийин үйдүн кожейкесин зордуктап, аны да өлтүргөнүн айтып берген.

Кылмыш жашырыш үчүн ал мештеги чокту үйгө чачып жиберип, качып кеткени белгилүү болду.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты