“Унаа” ишканасы түзүлөт

“Унаа” ишканасы түзүлөт

Иллюстрациялык сүрөт.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 21-декабрда, унаа каттоого жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүүгө жооптуу «Унаа» мамлекеттик мекемесин түзүү боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

Өкмөт башчы белгилегендей, унаа каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча иштерге коомчулук тарабынан нааразычылык көп.

«Узун кезектер, документтерди өз убагында бербөө жана процесстердин бюрократиялашуусу биздин жарандар үчүн ыңгайсыздыктарды жаратат. Буга байланыштуу Каттоо кызматына караштуу Маалыматтык кызматтардын адистештирилген борборун жана Унаа каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо департаментин жоюу жана анын базасында жаңы «Унаа» мамлекеттик мекемесин түзүү чечими кабыл алынды», – деп белгиледи Абылгазиев.

Биринчи кезекте «Унаа» ишканасынын ишин автоматташтырууну камсыздоо зарыл – бардык маалыматтык базалар электрондук түргө келтирилиши керек.

Жол кырсыктарынын негизги себептери кыйыр түрдө квалификациялык сынактарды алган жана айдоочулук күбөлүктөрдү берген органга тиешелүү.

Кайрадан жаңы түзүлгөн мекемеге компетенттүү жана коррупцияга аралашпаган кадрларды тартуу үчүн ачык сынак өткөрүлүшү кажет.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты