Балаты баасы канча?

Жаны жылга саналуу эле күндөр калды. Көпчүлүк жылына бир келчү майрамды кандай кылып тосом деп камданууда. Ал эми үйгө майрамдык маанай тартуулаш үчүн балаты болушу керек эмеспи.

Көңүлгө жаккан балатыны кайдан табам жана кантип кооздойм? Дегеле майрамдык атрибуттарга канча каражат сарптайм деп жатсаңыз, анда бул макала сиз үчүн.

Жасалма балатылардын түрлөрү жана аны кооздоочу оюнчуктардын бааларына саресеп салып көрдүк.

Биз көргөн балатылардын эң арзаны —  400 сом, баасына жараша көлөмү да кичинекей – 90 см. Ал эми эң кымбатын 20 000 сомго алууга болот. Жасалгаланып даярдалган. Дароо эле үйгө алып келип койгонго жарайт.

Жөнөкөй балатылар:
Балаты баасы канча?

1,20 м — 1500 сом;  1,50 м — 2500 сом;

1,80 м — 3500 сом;  2,10 м — 4500 сом.

Жасалгаланган балатылар:

Балаты баасы канча?

1,20 м — 2200 сом;   1,50 м — 3000 сом;

1,80 м — 4000 сом;  2,10 м — 5500 сом;

2,70 м — 12 000 сом; 3 м — 18 000 сом.

Балатыга илчү оюнчуктардын баасы канча?

Балаты баасы канча?

Балатыны кооздоочу оюнчуктардын баасы — бир кутусу 80 сомдон 700 сомго чейин;

Балаты баасы канча?

• Түстүү, жарык берген гирляндалардын баасы — 150 сомдон 800 сомго чейин;

Балаты баасы канча?
• Жалтырактардын баасы — 30 сомдон 350 сомго чейин.

Жогорудагылардын баалары узундугуна, көлөмүнө жана кооздугуна жараша айырмаланат. Болжол менен 1,5 метрлик балатыны жасалгалаш үчүн орточо 1500 сомдун тегерегинде каражат кетет.

Бек Оморбеков

 

 

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты