Асель Кодуранова Иса Өмүркуловго: “Ачаар эшигиңизди катуу жаптыңыз…»

Асель Кодуранова Иса Өмүркуловго: “Ачаар эшигиңизди катуу жаптыңыз..."Асел Кодуранованы депутаттар вице-спикерликтен бошотту.  Бул кызматтан кетээр алдында ал соңку сөз сүйлөдү.   

Анда ал үч маселеге токтолду: Биринчиден, вице-спикерликтен кетирүү чечими мыйзам бузуулар менен коштолгонун белгиледи. Экинчиден, аны бир жыл мурун вице-спикерликке көрсөткөндөргө ыраазылык билдирди. Үчүнчүдөн, ал Иса Өмүркуловго жеке таарынычын айтты.

Кодуранова Иса Өмүркуловду 1995-жылдан бери билээрин, ага иретинде сыйлап жүргөнүн, бирок Өмүркулов “Ачаар эшигин катуу жапканын, карындашын катуу какканын” эскертип кетти. Алсыз эркектер гана каршылаш кылып аялды тандаарын, муну бүгүн ал жакшы көрсөткөнүн билдирди.

Бүгүн, 20-декабрда, депутаттар КСДП фракциясынын Асел Кодуранованы ЖК вице-спикерлигинен кетирүү боюнча сунушун колдоп,  токтом кабыл алышты.

Айта кетсек Кодуранованы бошотууга 12-декабрда ЖК пленардык жыйында төрайым болуу учурунда Өмүрбек Бабановдун саясий куугунтук көргөнү тууралуу маселени күн тартибине киргизип жибергени себеп болгон. Бирок ал күнү талкуу убактысы бүтүп, кийинки күнү ал маселе күн тартибине баары бир добуш жетпей, киргизилбей калган.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты