Жумабеков менен Сулайманов жарашып алышты

Жумабеков менен Сулайманов жарашып алыштыЖогорку Кеңештин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулу спикер Дастанбек Жумабеков менен Алтынбек Сулаймановдун бүгүнкү, 20-декабрдагы кайым айтышуусу добуш берилгенден кийин жылуу маанайдагы мамилеге өтүп, эч кандай ажырым же касташуу болбогонун фейсбук баракчасына жазды.  

“ЖК төрагасы Дастанбек Жумабеков менен “Бир Бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулаймановдун ортосундагы бүгүнкү талаш-талкуу социалдык тармактарда тарап, ар түрдүү пикирлерди пайда кылууда.

Ошондон улам төмөнкүлөрдү айтып коюуну чечтим. Депутаттардын ар кыл мыйзамдар же чечимдерди кабыл алууда көз караштары дал келбей, айрым учурларда кайым айтышууга чейин барышы парламентаризмге мүнөздүү нормалдуу көрүнүш.

Төрага менен “Бир Бол” фракциясынын лидери вице-спикер Асел Кодуранованы чакыртып алуу боюнча добуш берилгенден кийни кол алышып, ортодогу түшүнбөстүктү такташып сүйлөшүп алды.

Кыска жолугушуу жылуу маанайда өттү. Социалдык тармактарда талкууланып жаткандай, эч кандай ажырым же касташуу жок” деп жазды Ибраим Нуракун уулу.

https://www.facebook.com/528248263/posts/10156280300793264/

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты