Акыйнек: Алтынбек Сулайманов менен спикер Дастан Жумабеков

Акыйнек: Алтынбек Сулайманов менен спикер Дастан ЖумабековЖогорку Кеңештин  “Бир бол” фракциясынын депутаты Алтынбек Сулайманов вице-спикер Асел Кодуранованын маселеси каралып жатканда, 20-декабрда, спикер Дастанбек Жумабековдун маселесин коюп, спикерликтен кетириш керек деп, экөө акыйнек айтыша кетти.

Алтынбек Сулайманов: —Дастан Артисбекович, мен айтып жатам, Мыктыбек Юсупович  сизге айтты. Талкуу башталганда добуш кандай беребиз, ошол мезгилде беришибиз керек. Процедура ошондой. Өмүр бою ушинтип иштеп келе жатабыз. Мен мына 10 жылдан ашык ушул палатада олтурам депутат болуп.  Азыр бияктан чыгып, регламентти жакшылап окупа алып, анан үйрөткүлө.  Чыгып алып дежурный болбой бир-экөөңөр.

Туура эмес.  Сиз “шашып койсоңуз” дегенди дагы “шашылып кетти” деп эле дагы узартып, ушул маселени  азыр добушка коем, анда уланттык десеңиз, анда дагы башкача болмок. Анда макул демекпиз.

Сиз актанбаңыз. Сиз туура эмес кылдыңыз. Эгер  ушундай кыла берсеңиз, үчөөңөрдү тең ротация кылышыбыз керек азыр. Үчөөңдун тең маселени коюш керек.   Түшкүлө, үчөөң тең, алмаштыралы баарыңарды.

Дастан Жумабеков: —Сиз түшкүлө деп айтканга укугуңуз жок. Мыйзам бар.

Алтынбек Сулайманов: —Укугум бар.

Дастан Жумабеков: —Анда мыйзам менен айтыңыз. Эмне, сиздин ордуңуз беле түшкүлө дегидей?

Алтынбек Сулайманов : —И так эле көрсөтөбүз азыр.

Дастан Жумабеков: —Көрсөтө бериңиз.

Алтынбек Сулайманов: —Бүгүн көрсөтөбүз. Именно сизге.

Дастан Жумабеков: —Коркутпаңыз.

Алтынбек Сулайманов: —Кыйкырбаңыз. Дастан Артисбекоич. Мага кыйкырганга  али чоңоё элексиз.   Үнүңүз жетпейт дагы. Ылдыйда жүрөсүз. Кечирип коюңуз. Башка жакка барып кыйкырыңыз.  Түшүндүңүзбү?

Дастан Жумабеков: —Антип түшүндүрбөй эле коюңуз. Сиздин түшүнүгүңүздүн мага кереги жок бул жерде.

Айта кетсек, депутаттар СДПК фракциясынын Асел Кодуранованы вице-спикерликтен кетирүү чечимин колдоду.

Кодуранова 12-декабрде ЖК пленардык  жыйынында төрайымдык кылып, Өмүрбек Бабановдун саясий куугунтукка кабылганын күн тартибине койгон. Мындан улам аны вице-спикерликтен кетирүүну чечишкен.      

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты